Баракелде! Оор атлетчи Иззат Артыков Азия оюндарынан коло байге утту

© AP Photo / Firdia LisnawatiАзиатские игры 2018. Тяжелая атлетика. Мужчины до 69 кг. Награждение
Азиатские игры 2018. Тяжелая атлетика. Мужчины до 69 кг. Награждение - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык оор атлетчи 69 килограмм салмак категориясы боюнча күчүн сынады.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Азия оюндарына катышкан Иззат Артыков оор атлетика боюнча коло медаль утту. Бул туурасында Азиаданын расмий сайтына жарыяланды.

Айсулуу Тыныбекова Азиадада алтынга жетпей калышынын себебин түшүндүрдү. Видео - Sputnik Кыргызстан
Айсулуу Тыныбекова Азиадада алтынга жетпей калышынын себебин түшүндүрдү. Видео
Кыргызстандык оор атлетчи 69 килограмм салмак категориясы боюнча күчүн сынады. Анда күмүш медалды өзбекстандык Достон Якубов алса, баш байгени түндүк кореялык О Канг Чол илип кетти.

Муну менен Кыргызстандын байге куржуну жетинчи медаль менен толукталды. Буга чейин кыргызстандык балбанбар грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы күрөштөн үч күмүш, үч коло уткан.

Иззат Артыков Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиададан коло медаль тагынган. Бирок кийинчерээк спорт арбитраждык соту Дүйнөлүк допинг агенттигинин (WADA) маалыматына таянып аны байгесинен ажыраткан. Маалыматка ылайык, Артыковдун анализдеринен тыюу салынган стрихнин заты табылган. Буга Кыргызстан макул болбой сотко кайрылган. Соттук процесс азыркыга чейин уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0