Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Азия оюндарынын чемпиону Төрөхан Багынбай уулунун апасы Чолпон Жүзбаева менен байланышып, кыскача маек курду.
— Уулуңуздун жеңишине сиздин салымыңыз арбын болсо керек. Алгач Төрөхан алтын утту деген маалыматты кимден уктуңуз?
— Эки-үч айдан бери уулумду көрө элекмин, машыгуу менен жүрүп андан ары мелдешке кеткен. Ошол убактан бери уйкум качып, оюм бөлүнүп, жасаган ишим чала-бучук болуп жүрөт (күлүп). Балам мелдешке чыгаарга үч күн калганда аябай толкундандым. Кечээ бир тууган эжемдин баласы "куттуктайм, финалга чыкты" деп телефон чалыптыр, "рахмат" дегенден башка сөз айта алган жокмун. Кечке кыжалат болуп жүрдүм. 3-4 сааттан кийин кайра эл чалып "утту" деп сүйүнчүлөдү. Аябай ыйладым. Баламды сагындым, спортчунун апасы болуу оңой эмес экен. Кеч курун интернеттен сүйлөштүк, эми аман-эсен келишин күтүп жатам. Ошондон бери бери куттуктоолорго бөлөнүп жүрөм.
— Төрөхан балдардын канчанчысы, деги эле үй-бүлөңүздөр тууралуу учкай айта кетсеңиздер?
— Турмуш экен, үч уулду жалгыз тарбиялап өстүрдүм. Жолдошум менен Төрөхан төрт жашында ажырашканбыз, атасы бизге каралашкан жок. Ушул балдарды чоңойтуп, эл-жерине жарасын дечү элем, эми мына ийгиликтерин көрүп жатам.
Өзүм 57 жаштамын, мектепте башталгыч класстарга сабак берем. Үч уулум тең кесиби боюнча юрист. Улуусу Улан ИИМде эмгектенет, үй-бүлөлүү. Кийинкиси Баяман, иниси Төрөханды машыктырат. Экөө тең бойдок.
— Төрөхан спортко кандайча келип калган?
— Балам тай кезинен спортко жакын өстү. Себеби улуу агасы кикбоксчу, ортончусу күжүрмөн самбо менен машыкчу. 7-классты аяктаганда борбордогу Шералы Сыдыков атындагы спорт мектептин эркин күрөш бөлүмүнө окуткам. Аны бүткөндө Ошко университетке тапшыртып, жаныма алып алдым. Кичүү бала болгондон кийин үйдө турушун кааладым. Маалы менен Бишкекке, Москвака машыгууларга барып турат.
— Азия оюндарына чейинки ийгиликтери тууралуу айта кетсеңиз?
— 2015-жылы Түркиядагы грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында күмүш, 2016-жылы Минскиде коло, 2017-жылы Санкт-Петербургдагы дүйнө кубогунда эки алтын (кимоно, кимоносуз), 2018-жылы Бишкектеги Азия чемпионатында да эки алтынга (кимоно, кимоносуз) тагынган.
Акыркы эки жылдан бери грэпплингге кошуп жиу-житсу менен да алектенип келет. Мындай караганда эки спорттун окшош жагы арбын экен. Бул жолку Азия оюндарында жиу-житсудан алтын алып сүйүнттү.
— Уулуңуз спорттон тышкары эмнеге кызыгат?
— Жумуш жасаганды жакшы көрөт. Колунан келсе бардыгына жардам бергиси келет. Беш убак намаз окуйт. Оор басырыктуу, көп сүйлөбөгөн, мээримдүү бала. Быйыл окуусун бүттү, азыр спорт менен эле жүрөт.
Ага мушкер кыздын акыркы беттештери, шумдуктуудай нокауттары, жеңишин майрамдаганы жана октагондон тыш жашоосунун ирмемдери камтылган.
Ролик Шевченконун Жессика Андраде менен кездеше турчу UFC 261 турниринин алдында тартууланды. Спорттук иш-чара 24-апрель күнү Жексонвилл шаарында өтөт (АКШ, Флорида штаты).
Кыргызстандык мушкердин беттеши турнирдин башкы кармашы болмокчу.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкекте жиу-житсу боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу аталган федерациянын президенти Абдурахманхаджи Муртазалиев билдирди.
Мелдеш Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында өтүп, ага аймактардан жана шаарлардан келген 300дөн ашык жиу-житсучу катышты.
Өлкө чемпионаты чоңдор, жаштар, өспүрүмдөр арасында өткөрүлүп, кыздар жана балдар күч сынашты. Ар биринде бир нече салмак категориясы каралган.
Жеңүүчүлөр жана байге ээлери медаль жана дипломдор менен сыйланды. Федерация президенти белгилегендей, турнирдин жыйынтыгы менен эл аралык мелдештерге бара турчу командалар куралат.
Эки мүнөттөн ашык тартылган роликте сүрөтчүнүн жаш кезин көрүүгө болот. Анда Чокморов жана башка студенттер талаада педагогдун жетекчилигинин алдында жылкыны сүрөткө тартып жатышат. Видеонун алдында окуя 1963-жылы Ленинград облусунда болгону жазылган. Чокморов эмгегинде бир гана жылкыны эмес, анын артына тоолорду да тартат. Окутуучу жок тоону эмнеге тартканын сураганда, ал мекенин сагынганын айткан. Бир маалда жылкы үркүп, баланын колунан жулунуп, секире баштайт. Аны көрүп Чокморовдон башкасынын баары чочулайт. Бирок Сүймөнкул Чокморов аттын жанына барып, жылкыны сылап аны чуркатыш керектигин айтат. Бала ага макул болбой койгондо Чокморов "кыргыздар ээр үстүндө чоңойгон калкпыз. Ал эми ат биздин канатыбыз" деп чапкан боюнча жөнөгөн.
Кадр алмашып, Чокморов "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасындагы Карабалтанын образында болуп калат.
Улуттук банк роликтерди Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата тартып жатат. Анда улуттук валютага сүрөтү түшүрүлгөн философ Жусуп Баласагын, манасчы Саякбай Каралаев, сүрөтчү, актёр Сүймөнкул Чокморов, акын Алыкул Осмонов тууралуу видеолор көрсөтүлмөкчү.
Роликтерди режиссёр Руслан Акун белгилүү кино ишмерлери Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Марат Сарулу жана Баян Сарыгуловдун колдоосу менен тарткан.