Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарынан алтын байге утту

Ураа, экинчи алтын! Жөө күлүк Дарья Маслованын Азиаданы багынткан сүрөттөрү

3390
(жаңыланган 09:56 27.08.2018)
Маслова 10 чакырым аралыкты жарым сааттан ашык убакытта чуркап өткөн.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарынан алтын байге утту. Бул туурасында мелдештин расмий сайтында жарыяланды. 

  • Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарынан алтын байге утту
    Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарынан алтын байге утту
    © REUTERS / Issei Kato
  • Маслова жарышта 10 чакырым аралыкты жарым сааттан ашык убакытта (32:07:27) чуркап өтүп биринчи болуп келген
    Маслова жарышта 10 чакырым аралыкты жарым сааттан ашык убакытта (32:07:27) чуркап өтүп биринчи болуп келген
    © REUTERS / Issei Kato
  • Экинчи орунду брунейлик спортчу Чумба Юнис алса, үчүнчүгө кытайлык Чжан Дешунь татыды
    Экинчи орунду брунейлик спортчу Чумба Юнис алса, үчүнчүгө кытайлык Чжан Дешунь татыды
    © AP Photo / Bernat Armangue
  • Ушуну менен жөө күлүк улуттук курама команданын капчыгына экинчи алтын медалды камсыздап жатат
    Ушуну менен жөө күлүк улуттук курама команданын капчыгына экинчи алтын медалды камсыздап жатат
    © REUTERS / Issei Kato
  • Кечээ жиу-житсу боюнча Төрөхан Багынбай уулу чемпион болгон.
    Кечээ жиу-житсу боюнча Төрөхан Багынбай уулу чемпион болгон.
    © REUTERS / Darren Whiteside
1 / 5
© REUTERS / Issei Kato
Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарынан алтын байге утту

Маслова жарышта 10 чакырым аралыкты жарым сааттан ашык убакытта (32:07:27) чуркап өтүп биринчи болуп келген. Экинчи орунду брунейлик спортчу Чумба Юнис алса, үчүнчүгө кытайлык Чжан Дешунь татыды.

Ушуну менен жөө күлүк улуттук курама команданын капчыгына экинчи алтын медалды камсыздап жатат. Кечээ жиу-житсу боюнча Төрөхан Багынбай уулу чемпион болгон.

Учурда Кыргызстандын байге куржунундагы медалдардын саны 11ге жетти. Буга чейин кыргызстандык балбандар грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы күрөштөн төрт күмүш, төрт коло уткан. Ал эми оор атлетикадан Иззат Артыков коло медаль тагынган

3390
Тема:
Азия оюндары — 2018 (47)
Тема боюнча
Азиададан алгачкы алтын! Төрөкан Багынбай уулу намыска жарады. Толкуткан сүрөттөр
Баракелде! Оор атлетчи Иззат Артыков Азия оюндарынан коло байге утту
Кыргызстандын спортчуларынын Азиададагы 9-медалы. Үзүр Жусупбеков коло утту