Кыргызстандык спортчулар Азиадада дагы төрт медаль тагынды

© AP Photo / Achmad IbrahimАзиатские игры 2018. Джиу-джитсу 77 кг. Награждение
Азиатские игры 2018. Джиу-джитсу 77 кг. Награждение - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Индонезияда ата мекендик спортчулар бир күмүш, үч коло медалга татыды.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында дагы төрт медаль тагынды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, 26-август күнү 24 жаштагы жиу-житсучу Нурсултан Алымкулов 77 килограмм салмактагылар арасында күч сынашып күмүш медаль тагынды. Андан сырткары, Муртазали Муртазалиев менен Абдурахманхаджи Муртазалиев колого жетти. 

© AP Photo / Achmad IbrahimАзиатские игры 2018. Джиу-джитсу 77 кг. Финал
Азиатские игры 2018. Джиу-джитсу 77 кг. Финал - Sputnik Кыргызстан
Азиатские игры 2018. Джиу-джитсу 77 кг. Финал

Ал эми пенчак силат боюнча ата мекендик мушкер Данияр Токуров коло медаль тагынды. 

© AP Photo / Achmad IbrahimАзиатские игры 2018. Джиу-джитсу 85 кг. Награждение
Азиатские игры 2018. Джиу-джитсу 85 кг. Награждение - Sputnik Кыргызстан
Азиатские игры 2018. Джиу-джитсу 85 кг. Награждение

Учурда Кыргызстандын байге куржунундагы медалдардын саны 15ке жетти. Буга чейин кыргызстандык балбандар грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы күрөштөн төрт күмүш, төрт коло уткан. Ал эми оор атлетикадан Иззат Артыков коло медаль тагынса, жөө күлүк Дарья Маслова менен жиу-житсучу Төрөкан Багынбай уулу чемпион болду

Жаңылыктар түрмөгү
0