Хабибби же Конорбу? Кыргыз спортунун көзүрлөрү кимисин чемпион көрөт?

© AP Photo / John LocherРоссийский боец UFC Хабиб Нурмагомедов
Российский боец UFC Хабиб Нурмагомедов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда ММА сүйүүчүлөрдүн башы бириккен жерде Хабиб Нурмагомедов менен Конор Магкрегордун беттеши тууралуу уу-дуу кеп. Ортодо мелдеше кетип, бирине жан тартып урушуп ийгендер да бар...

UFC уюмунун учурдагы чемпиону Нурмагомедов менен эки салмак боюнча мурдагы чемпион Магкрегордун беттеши 6-октябрь күнү Лас-Вегаста UFC 229 турниринин алкагында өтөт.

Калк арасында аралаш мушташ популярдуу спорттун түрү. Күйөрмандар ар убак кыргызстандык жана дүйнөлүк мушкерлердин ийгилигине көз салып турат.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги ММА чөйрөсүндөгү таанымал адамдар арасына суроо таштап, Нурмагомедов менен Магкрегордун кимисине артыкчылык берерин сураштырып көрдү.

Кыргызстандык UFC мушкери Валентина Шевченко

© Фото / предоставлено федерацией Тайского бокса КРКыргызстандык UFC мушкери Валентина Шевченко
Претендентка на титул UFC в наилегчайшем весе Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык UFC мушкери Валентина Шевченко
Эки мушкердин спорттук деңгээли бирдей. Хабиб Нурмагомедов күрөштүн ыкмаларына басым жасайт. Конор Магкрегор муштум менен сокку узатып, дистанцияны кармайт. Конор да жакшы күрөшөт, аны бардыгы эле партерге жыга албайт. Андыктан эки мушкердин тең жеңүү мүмкүнчүлүгү абдан чоң.

Жогорку Кеңештин спикери, WEF уюмунун Таластагы президенти Дастан Жумабеков

Бул беттешти биз канча күттүк! Мен өзүм эрежесиз урушту сүйүүчүлөрдүн катарындамын.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин спикери, WEF уюмунун Таластагы президенти Дастан Жумабеков
Спикер Жогорку Кенеша Дастан Джумабеков - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин спикери, WEF уюмунун Таластагы президенти Дастан Жумабеков

Конор Макгрегор — рейтинги бийик мушкер, рингде көп ийгиликке жете алды, колу эптүү, буту жакшы иштейт. Былтыр августта Макгрегор америкалык спорчту Флойд Мейвезер менен бокс боюнча беттеш өткөрүп, жеңилүү ызасына карабай, мыкты кармаш тартуулаганын билебиз. Кыскасы андан бардыгын күтүүгө болот.

Турнир, посвященный открытию Федерации ММА в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Бир беттешиме 6 миң доллар төлөп беришти. Кыргыз мушкерлеринин ММАдеги жолу
Хабиб Нурмагомедов күчтүү, көздөгөн максатына жете билген, эр жүрөк мушкер. Ал КМШ мамлекеттеринде абдан популярдуу. Кыргызстанда дагы күйөрманы көп экенине кышында келгенде күбө болбодукпу. Нурмагомедов партерде көп иштегенине карабай соккулары жакшы коюлган, анын октагондогу аракетин алдын ала божомолдоо мүмкүн эмес.

ММА сүйүүчүлөрү Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегор кызуу кандуу беттеш өткөрө тургандыгына ишенет. Атайын бирөөсүн бөлүп баа бербейм, күчтүүсү утсун.

Мушкерлердин менеджери Марат Бекмуратов

© SputnikМушкерлердин менеджери Марат Бекмуратов
Руководитель промоутерской компании Mara Team Management Марат Бекмуратов - Sputnik Кыргызстан
Мушкерлердин менеджери Марат Бекмуратов
ММА — бул 70 пайыз күрөш. Хабиб бийик даражалуу балбан. Ага Конордун бутун кармап, октагондун торуна такап алганы эле жетиштүү болот. Конордун үмүт артканы — бокстагы лаки-панч (соккуну астыдан уруу. — ред.) ыкмасы. Бирок аны дүйнөдөгү мыкты боксчулар менен болгон беттештерин көрбөдүкпү… Конордун психологиялык басымы Хабибге эч таасирин тийгизбейт. Себеби көчө мушташы менен чоңойгон бала үчүн мушкерлердин маалымат жыйынындагы кайым айтышуулары жана көз караштар дуэлиндеги түртүшмөйлөрдүн кызыгы жок.

WEF уюмунун башкы президенти Руслан Кыдырмышев

© Sputnik / Данияр СандыбаевWEF уюмунун башкы президенти Руслан Кыдырмышев
Президент WEF (World ertaymash Federation) Руслан Кыдырмышев - Sputnik Кыргызстан
WEF уюмунун башкы президенти Руслан Кыдырмышев
Эки мушкердин тең мүмкүнчүлүгү бирдей. "Конор алсыз мушкер, солу колу менен эле мактана алат" дегендерге кошулбайм. Анын туюу сезими абдан күчтүү, кайсыл учурда сокку узатып, коргонуп, кайсы маалда жооп кайтаруу керек экенин билет. Ал эң күчтүү мушкерлер менен күч сынашып, ошол эле убакта күрөшкөндү мыкты билгендерди да жеңген. ММА тармагына революция жасаган ким? Албетте өзгөчө имидж, стиль менен таанылып, башка спортчулардын да эрежесиз урушка келишине салым кошкон Конор Магкрегор. Ал ооз менен айтылганды эбак жасап койгон. Жеке божомолум боюнча Конор беттешти беш раундга созбой бүтүрсө керек. Кыскасы мен ага жан үрөйм.

M-1 уюмунун мушкери Бусурманкул Абдубаит уулу

© Sputnik / Табылды КадырбековM-1 уюмунун мушкери Бусурманкул Абдубаит уулу
Турнир по смешанным единоборствам WEF Global 11 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
M-1 уюмунун мушкери Бусурманкул Абдубаит уулу
ММАде беттешти бир сокку чечип коюшу мүмкүн. Көбү Конор Магкрегорго баа бербей жатышат, ал абдан тажрыйбалуу, өжөр мушкер. Хабиб Нурмагомедов күрөштүн акесин окутат эмеспи. Эгер беттеш беш раундга чейин созулса упай эсебинде Хабиб утат, мөөнөтүнөн эрте болсо жеңиш Конорго буюрат. Бирок биз мусулман болгондон кийин Хабибди сүрөөнгө алып, күйөрмандык кылабыз.

Профессионалдуу ММА мушкери Барчынай Узгенбаева

© Фото / Федерация Кулатуу эр таймаш (WEF) Профессионалдуу ММА мушкери Барчынай Узгенбаева
Подготовка к WEF Global 12 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Профессионалдуу ММА мушкери Барчынай Узгенбаева
Менимче, бул беттеште Хабиб Нурмагомедовдун мүмкүнчүлүгү чоң. Эгерде ал күрөшкө эле басым жасаса чемпиондук курун сактап калат. Ал эми Конордун мүмкүнчүлүгү 100 пайыздын 20сы гана деп эсептейм. Ал туруп беттешип, нокаутка үмүт артышы мүмкүн. Анткен менен октагон мыктынын мыктысын аныктайт деген ойдомун.

ММА рефериси Мирбек Буларкиев

© Sputnik / Табылды КадырбековРефери ММА Мирбек Буларкиев
Рефери ММА Мирбек Буларкиев - Sputnik Кыргызстан
Рефери ММА Мирбек Буларкиев
Эң оор кармашуу болот, мушкерлер көп күч сарпташат. Конор Магкрегордун соккусу катуу, бирок күрөштү да өздөштүрүп алды. Рефери боюнча 15 жылдык карьерамда миңден ашык мушкерди тескедим. Божомолумда араңдан зорго, кашык канын жумшап атып Магкрегор утушу ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0