Тогуз корголго окшош. Түрк элинин мангала оюну менен таанышыңыз

CC BY 2.0 / elPadawan / Mancala / AwaleНастольная игра мангала
Настольная игра мангала - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мангала — түрк элинин улуттук интеллектуалдык оюну. Эрежелери кыргыздардын тогуз корголуна окшоп кетет. Оюн тактасында эки катарга тизилген алты окшош үйчө (чуңкур), баары биригип 12 кичинекей үйчө жайгашкан. Ошондой эле уткан таштарды чогулта турган казынасы (топтоочу чуңкур) болот.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыгы, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги менен биргеликте спортчулар күч сынашчу мелдеш түрлөрүнүн эрежелерин даярдоодо. Бул ирет түрк элинин мангала оюну менен тааныштырабыз.

Жалпы жобосу

Мангала оюнунда диаметри 10-14 мм болгон бир түстөгү 48 таш жана 12 кичине үйчө менен 2 казынасы бар такта колдонулат. Мелдеш чучу кулак кармоодон башталып, оюнчулар 48 ташты 12 үйгө төрттөн кылып бөлүшөт. Өзүнүн тарабындагы алты үйчө оюнчунун, ал эми карама-каршысындагы алты үйчө атаандашынын талаасы болуп эсептелет. Оюнчулар таштарды өзүнүн казынасына топтоого аракет кылат. Ким көп таш топтосо, ошол жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси

Тогуз коргоол — кыргыз элинин улуттук интеллектуалдык оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тарыхы 2400 жылдан ашат. Хандардын акылын калчаган тогуз коргоолдун эрежеси
Жеңиш үчүн өзүнүн казынасына 24төн көп таш топтошу керек. Эки оюнчу ошончодон топтосо, анда тең чыкты деп саналат. Тең болгондо 1 упай, утулганда 0 упай берилет. Оюндун эсеби чыгарылгандан кийин атаандаштар канча таш топтогонун белгилеши керек. Жеңүүчүлөрдү аныктоодо топтолгон таштар кошумча көрсөткүч болуп колдонулат.

Оюнчу өзүнүн убактысынын ичинде атаандашына эскертпестен анын таштарын алууга жана саноого уруксат берилет. Ошол эле учурда атаандашы кайсы чуңкурдан баштоосун айта албайт. Жүрүш баштаганга чейин атаандашы тараптагы таштарды колго албастан санаганга уруксат берилет.

Мелдеш жеке-командалык оюн болуп өтөт.

Жеке-командалык оюнда жеңүүчүнү аныктоо:

— Упайдын көп болушу;

— Жеке жолугушуу;

— Утулуп калган партиялардагы көп топтолгон таштар;

— Прогресс коэффициенти;

— Бухгольц коэффициенти;

— Бергер коэффициенти эсептелет

Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндары 2018-жылдын 2-сентябрында Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда башталат. Мелдештин курамына спорттун 37 түрү кирип, 79 өлкөдөн келген 2300 спортчу күч сынашмай болду. Спорттун түрлөрүнө 15 мамлекеттин улуттук оюндары киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0