Атам мен үчүн тилек кылганын уктум... Азиада чемпиону Төрөхандын ачык маеги

© Sputnik / Табылды КадырбековЧемпион Азиады-2018 по джиу-джитсу Торохан Багынбай уулу
Чемпион Азиады-2018 по джиу-джитсу Торохан Багынбай уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азия оюндарында жылдызы жанган жиу-житсучу Төрөхан Багынбай уулу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине эксклюзивдүү маек куруп, жеңиши, спорттогу жолу, үй-бүлөсү тууралуу кеп кылды. Аны менен журналист Гүлдана Талантбекова маектешти.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын курама командасы ушул тапта спорттун бир нече түрү боюнча Индонезиядагы Азия оюндарында күчүн сынап жатат. Алгачкы алтынды жиу-житсу спорту боюнча Төрөхан Багынбай уулу алып келген болчу.

— Азиададагы алтын медаль кыргыз жиу-житсу спортунда, анын ичинде сиздин карьераңызда ири ийгилик болду окшойт. Мелдешке канча убакыт даярдандыңыз?

— Төрт жыл мурда Азия оюндарынын катарына жиу-житсу киргенин уккам. Ошол күндөн тарта бул спортко көңүлүмдү коюп, Бишкекте, Москвада машыга баштадым. Өзүм Ошто жашайм. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЖиу-житсучу Төрөхан Багынбай уулу Азия оюндарында алтын байге уткан
Чемпион Азиады-2018 по джиу-джитсу Торохан Багынбай уулу - Sputnik Кыргызстан
Жиу-житсучу Төрөхан Багынбай уулу Азия оюндарында алтын байге уткан

— Сырттан караган кишиге билинбегени менен алтын байге үчүн күрөшүү оор эле болсо керек…

— Олимпиада оюндарынан кийинки маанилүү мелдеш Азия оюндары болуп эсептелинет. Ар бир спортчу катуу даярданат. Бардыгы утам дейт, бирок Кудадын буйругу болот экен.

Кармаштар оор болду. Жалпысынан беш жолу татамиге чыгып, ирандык, казакстандык, түркмөнстандык, таиланддык, аравиялык балбандар менен кез келдим. Жарым финалдагы атаандашым эсимде көбүрөөк калды, чечүүчү кармашка жолдомо утабыз деп аябай аракеттендик.

Жиу-житсу боюнча күчтүү спортчулар Бириккен Араб эмирлигинен келишти. Ал жакта аталган спортту абдан колдошот, атургай 2024-жылы Олимпиада оюндарына киргизебиз деген аракеттери күч экен. 

© REUTERS / Issei KatoТөрөхан Багынбай уулу алгач эркин күрөш менен машыгып, кийинчерээк грэпплинг менен жиу-житсуга өткөн
Азиатские игры 2018. Джиу-джитсу до 69 кг. Финал  - Sputnik Кыргызстан
Төрөхан Багынбай уулу алгач эркин күрөш менен машыгып, кийинчерээк грэпплинг менен жиу-житсуга өткөн

— Оюндун баштапкы күндөрүндө алтындар колдон учуп кеткендей эле болду, бир саамга үмүт үзүп турганда сиз жарк эте чыга калдыңыз. Эми жиу-житсу десе Төрөханды эстешет го…

Азиада чемпиону Дарья Маслова жигитине турмушка чыкмай болду. Видео - Sputnik Кыргызстан
Азиада чемпиону Дарья Маслова жигитине турмушка чыкмай болду. Видео
— Грек-рим, эркин күрөш боюнча балбандар мелдешип жатканда күйөрмандык кылып отурганбыз. Алар алтын албаганы менен алдыңкы орундарды ээлеп эң жакшы жетишкендикке ээ болушту. Биз дагы намыска жарайлы деп ичибизден тиленип отурдук.

Өзүм алтын утканда абдан сүйүндүм. Бирок сыртыма чыгарган жокмун. Өзгөчө гимн ойногондо араң кармандым. Анан кийинүүчү жайга барганда ыйлап-ыйлап алдым. Андай учурда кылган эмгегиңди, машыктыруучунун аракетин ойлоп ыраазы болот экенсиң. Спортчулар үчүн намыска жарап, өлкөңдүн туусун көтөрүү — чоң жоопкерчилик.

Үйдөгүлөргө байланышып сүйүнчүлөйүн десем, алар эбак угуп мени куттуктап жатышпайбы. Айтор өзгөчө ирмемдерди баштан кечирдим. 

© REUTERS / Issei KatoЖиу-житсучу Төрөкан Багынбай уулу Азия оюндарынан алгачкы алтын медалды алып келген
Жиу-житсучу Төрөкан Багынбай уулу Азия оюндарынан алгачкы алтын медалды алып келген - Sputnik Кыргызстан
1/3
Жиу-житсучу Төрөкан Багынбай уулу Азия оюндарынан алгачкы алтын медалды алып келген
© REUTERS / Issei KatoБалбан татамиде 69 килограмм салмакта күч сынашкан.
Балбан татамиде 69 килограмм салмакта күч сынашкан. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Балбан татамиде 69 килограмм салмакта күч сынашкан.
© REUTERS / Issei KatoАл 1/16 кармашта ирандык, квалификациялык кармашта казакстандык, чейрек финалда түркмөнстандык, жарым финалда таиланддык спортчуларды уткан. Ал эми финалда Бириккен Араб эмирлигинен келген Алкирби Талибди 2:0 упай эсебинде жеңип, Азия оюндарынын чемпиону аталды.
Ал 1/16 кармашта ирандык, квалификациялык кармашта казакстандык, чейрек финалда түркмөнстандык, жарым финалда таиланддык спортчуларды уткан. Ал эми финалда Бириккен Араб эмирлигинен келген Алкирби Талибди 2:0 упай эсебинде жеңип, Азия оюндарынын чемпиону аталды. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Ал 1/16 кармашта ирандык, квалификациялык кармашта казакстандык, чейрек финалда түркмөнстандык, жарым финалда таиланддык спортчуларды уткан. Ал эми финалда Бириккен Араб эмирлигинен келген Алкирби Талибди 2:0 упай эсебинде жеңип, Азия оюндарынын чемпиону аталды.
1/3
Жиу-житсучу Төрөкан Багынбай уулу Азия оюндарынан алгачкы алтын медалды алып келген
2/3
Балбан татамиде 69 килограмм салмакта күч сынашкан.
3/3
Ал 1/16 кармашта ирандык, квалификациялык кармашта казакстандык, чейрек финалда түркмөнстандык, жарым финалда таиланддык спортчуларды уткан. Ал эми финалда Бириккен Араб эмирлигинен келген Алкирби Талибди 2:0 упай эсебинде жеңип, Азия оюндарынын чемпиону аталды.

— Азия оюндарында байге алгандарга мамлекет тарабынан жакшы акча берилет деген сөздөр жүрүп жатат. Эмнеге короторуңузду ойлондуңузбу?

— Үй-бүлөмө берем, бардык суроону чоңдор чечет (күлүп). Керекке жараса болду. 

— Оюндан кийин жылдызыңыз жанды. Айланадагы адамдардын мамилесин байкадыңызбы?

— Дос, тууган, тааныштарымдын өзгөрүп кеткенин деле байкаган жокмун. Башында интернеттен куттуктоолор көп болду, жооп бере албай калсам кечирим сурайм. Кудай буюрса өлкөдө жиу-житсу мындан да өнүгүп, жаштар машыгып баштайт деп ойлойм. 

© Sputnik / Табылды КадырбековТөрөхан Багынбай уулу: грэпплингден дүйнөнүн, Азиянын чемпиону аталып, бир нече ирет байгелүү орундарга татыгам
Чемпион Азиады-2018 по джиу-джитсу Торохан Багынбай уулу - Sputnik Кыргызстан
Төрөхан Багынбай уулу: грэпплингден дүйнөнүн, Азиянын чемпиону аталып, бир нече ирет байгелүү орундарга татыгам

— Спортту эркин күрөштөн баштап, кийинчерээк грэпплинг менен жиу-житсуга өтүп кетипсиз. Өкүнгөн учурлар болду беле?

— Күрөш менен жаштайыман алектенип, алгач Оштогу залда, андан кийин Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы спорт мектепте машыктым. Аны бүткөндөн кийин апам үйдүн кичүүсү деп жанына чакыртып алган.

Претендентка на титул UFC в наилегчайшем весе Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Валентина Шевченко: турмушка чыгуу эч качан кеч эмес, бирок карьера күтпөйт
Студент кезде бир тууган агам жана машыктыруучум Баяман "жиу-житсу өнүгүп келе жатат" деп бул спортко келишиме түрткү берип, Москвага машыгууларга жибере баштады. Деги эле спортко алып келген бир тууган агаларым болду, улуусу Улан кикбоксчу, андан кийинкиси Баяман күжүрмөн самбо менен алектенген.

Былтыр жиу-житсу боюнча Абу-Дабиде өткөн дүйнө чемпионаты ийгиликсиз болуп калды Быйыл ноябрда Швецияда өтөт деп жатат, Кудай кааласа катышабыз. Анткен менен грэпплингден дүйнөнүн, Азиянын чемпиону аталып, бир нече ирет байгелүү орундарга татыгам.

Балбандар жиу-житсуда кимоночон, грэпплингде рашгард (футболка, шорта, лосинанын топтому) менен күрөшөт. Кыймыл-аракет, ыкмалары абдан окшош. 

© REUTERS / Issei KatoБагынбай уулу: кудай буюрса өлкөдө жиу-житсу мындан да өнүгүп, жаштар машыгып баштайт деп ойлойм
Азиатские игры 2018. Джиу-джитсу до 69 кг. Финал - Sputnik Кыргызстан
Багынбай уулу: кудай буюрса өлкөдө жиу-житсу мындан да өнүгүп, жаштар машыгып баштайт деп ойлойм

— Апаңыз Чолпон Жүзбаева редакцияга берген маегинде баламды үч айдан бери көрө элекмин, сагындым деди эле…

— Апам мындай күндөрү деле үйгө кеч келсем кыжалат боло берет (күлүп). Негизи бир нече айлап машыгууга кеткен күндөрүм көп болот. Эненин сезими күчтүү, ар дайым санааркап турат. Мелдешке даярданган күндөн тарта бата кылып, тиленип жүрдү, жеңишимден мурда аман-эсен келишимди күттү. Кыргызстанга келгенде кучактап, көзүнө жаш алып тосуп алды.

— Апаңыз үч уулду жалгыз тарбиялап чоңойтконун, жолдошу менен сиз төрт жашында эки жолго түшкөнүн айтты эле. Ошентсе да эркек бала атасына катташып турат деп коюшат экен.

— Атам менен кээде жолугуп, сүйлөшүп турабыз. Угушум боюнча, мелдешке жөнөп жатканда бата тилеп, ниет кылыптыр… Эми кандай болгон учурда деле ал менин атам да. 

© Фото / Улан Багынбай уулуҮч бир туугандын кичүүсү, апасы мектеп мугалими
Мать чемпиона Азиатских игр Торохана Багынбай Уулу Чолпон Жузбаева - Sputnik Кыргызстан
Үч бир туугандын кичүүсү, апасы мектеп мугалими

— Үйдүн кенжеси экенсиз, үйлөн деше элекпи?

— Менден улуу агам үйлөнө элек. Биз бир аз кое турабыз го, алдыда спорт багытында жакшы пландар бар. Негизи сүйлөшкөн кызым деле жок.

— Спорттон тыш эмне менен алектенесиз?

— Кесибим боюнча юристмин. Эртең менен кечинде машыгуу бар, ошону менен күнүм баткандай сезилет. Спортто ийгилик жаратам десең көп нерседен баш тартканга туура келет экен. Маселен, досторуң менен жолугууда, бир жакка барып эс алып келүүдө убактыңды аяп каласың. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков2024-жылы Олимпиада оюндарынан алтынга жетем деп ниет кылуудамын
Чемпион Азиады-2018 по джиу-джитсу Торохан Багынбай уулу - Sputnik Кыргызстан
2024-жылы Олимпиада оюндарынан алтынга жетем деп ниет кылуудамын

— Түштүк жергесинде спортчуларды көккө ыргытып, укмуш салтанат менен тосуп алышчу эле. Киндик каныңыз тамган жерге али бара элексизби?

— Курама команда түгөл болсок өлкө башчы менен жолугушуу өткөрөт экенбиз, ошондон кийин барам го. Болбосо тууган уруктан тарта, айыл өкмөт, акимге чейин чалып жатышат.

— Келечекте эмне тууралуу кыялданасыз?

— Буюрса 2024-жылы Олимпиада оюндарынан алтынга жетем деп ниет кылуудамын. Ага чейин үйлөнүп алышым керек, жашым 25ке келип калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0