БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Өзбекстандын көк бөрү боюнча курама командасы Башкыртстанды 20:1 эсебинде утту.
Беттештин биринчи бөлүгү 8:0 эсебинде өзбекстандык спортчулардын жеңиши менен жыйынтыкталып, экинчи бөлүгүндө Башкыртстандан келген оюнчулар каршылаштарынын тай казанына бир эле улак таштоого үлгүрүп, оюн 15:1 болуп аяктады. Ал эми соңку күч сынашууда коңшу өлкөнүн оюнчулары атаандаштарына дагы беш улак таштап эсеп 20:1 менен аяктады.Ага чейин Кыргызстандын улуттук курама командасы Монголиянын улакчыларын баш көтөртпөй, 29:5 эсебинде жеңип алган.
Учурда Ысык-Көлдө Көчмөндөрдүн дүйнөлүк үчүнчү оюндары өтүп жаткан мелдеште жалпы 11 команда ат салышууда.
Көк бөрүнү ойноо тартиби менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан таанышыңыздар.
Улакчылар аттын жалына торпокту тартып алары менен такымдап, зоот атын чаң ызгыта чаап жөнөйт. Эгер жерге түшүп калса топту жарып кирип, жүздөгөн атаандашынын арасынан сууруп чыгышы керек. Ошондуктан бул бекеринен эрендердин эр оюну деп айтылган эмес.
Байгеге эки автоунаа, тирүү карышкыр, алтын кур, беш төө, 10 тай, 10 торпок, 10 топоз коюлду.
Мындай чоң аламан улакта торпок ар кимдин колуна эле тие бербейт, бул үчүн көп эмгек кылыш керек.
Билегинде күчү бар эрендер 70 килограммдык торпокту жерден эңип, бири-бирине ашырып кызыктуу оюн курушту.
Улакчылар аттын жалына торпокту тартып алары менен такымдап, зоот атын чаң ызгыта чаап жөнөйт.
Улакчылар жаракат албашы үчүн колуна, бутуна жана башына атайын коргоочу каражаттарды кийишет.
Байгеге эки автоунаа, тирүү карышкыр, алтын кур, беш төө, 10 тай, 10 торпок, 10 топоз коюлду.
Бүйүр кызыткан оюн Бишкектин жака белиндеги Дача СУ айылында өттү.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунан дагы атайын ышкыбоздор келишкен.
Бүгүнкү аламан улакка болжол менен миңге чукул улакчы келди.
Эгер тартып жаткан торпогу жерге түшүп калса топту жарып кирип, жүздөгөн атаандашынын арасынан сууруп чыгышы керек.
Ал ортодо бири-бири менен пикир келишпей араздашып кеткендер дагы болот,
Аламан улак көбүнчө кыш мезгилинде ойнолот, жаз келип, күн жылыгандан кийин токтойт.
Көк бөрүнүн мыктысы Манас Ниязов дагы аламан улактарга калбай катышат, албетте бул жерден дагы кур кол чыкпайт.
Аламан улакты Сейдали Келдиев үч уулуна бата алуу үчүн өткөрдү. Ал өзү да 18 жылдан бери улак тартып, белгилүү балбандардын катарында турат.
Акыркы жолу Нуньес өткөн жылдын июнь айында өткөн UFC 250 турниринде Фелиция Спенсер менен беттешип, калыстар тобунун добушу менен жеңүүчү деп табылган.
Ал эми Андерсон 2020-жылдын февраль айында UFC Fight Night 169 мелдешинде Норма Дюмон менен кез келип, биринчи раундда эле каршылашын нокаутка кетирген.Орточо оор салмактагы Ян Блахович менен орто салмактагы чемпион Исраэл Адесаньенин кармашы кеченин башкы беттеши болмокчу.
Маанилүүлүгү боюнча үчүнчү орунда турган беттеш Петр Ян менен Алджамейн Стерлингдин кармашы болот.
Онлайн катталууда бүтүрүүчү өзүнүн же болбосо ата-энесинин туруктуу номерин бериши керек. Анткени системага кирүү үчүн логин катары пайдаланылат. Бул тууралуу Чынара Батракеева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл ЖРТга каттоо www.testing.kg дарегиндеги борбордун сайтында жүргүзүлөт.
"Жалпы республикалык тестирлөөгө катталгандан кийин абитуриенттер телефон номерин алмаштырбай турушу зарыл. Себеби ЖРТга катталууда арыз ээси сайттагы жеке кабинетине кирүү үчүн өзүнүн телефон номерин көрсөтөт. Ал кирүү үчүн логин болот да, ага сыр сөз берилет. Кийин ушул эле логин келечекте ЖОЖдорго онлайн кабыл алуу үчүн колдонулат. Ошондуктан окууга тапшырып бүтмөйүн номер алмаштырбай туруңуздар", — деди Батракеева.
Адис негизги жана ар бир кошумча предмет үчүн каттоо акысы 370 сом экенин кошумчалады.