20 медаль! Азия оюндарында кайсы спортчунун жылдызы жанып, байгеге ээ болду? Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековИндонезияда болгон жайкы Азия оюндарынын алтын медалы. Архив
Индонезияда болгон жайкы Азия оюндарынын алтын медалы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке Кыргызстандын улуттук курама командасынан 100дөй атлет спорттун 26 түрү боюнча күчүн сынады.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар Индонезияда болгон жайкы Азия оюндарында 20 медалга ээ болду.

Мелдеш 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын Жакарта жана Паламбанг шаарларында өттү.

Анда кыргызстандын улуттук курама командасынан 100дөй атлет спорттун 26 түрү боюнча күчүн сынады.

Натыйжада, алар Кыргызстандын байге капчыгында 20 медаль алып алып келип берди.  Анын экөө — алтын, алтоо  — күмүш, 12си — коло болду.

Алтын тагынгандар:

Төрөхан Багынбай уулу — жиу-житсу;

Дарья Маслова — жеңил атлетика;

Күмүш тагынгандар:

Магомед Мусаев — эркин күрөш;

Айсулуу Тыныбекова — эркин күрөш;

Каныбек Жолчубеков — грек-рим күрөшү;

Акжол Махмудов — грек-рим күрөшү;

Нурсултан Алымкулов — жиу-джитсу;

Дарья Маслова — жеңил атлетика (5000 метр).

Коло тагынгандар:

Мээрим Жуманазарова — эркин күрөш;

Айпери Медет кызы — эркин күрөш;

Амантур Исмаилов — грек-рим күрөшү;

Үзүр Жусупбеков — грек-рим күрөшү;

Иззат Артыков — оор атлетика;

Муртазали Муртазалиев — жиу-житсу;

Абдурахманхаджи Муртазалиев — жиу-житсу;

Жолдошбек Акимканов — пенчак силат;

Данияр Токуров — пенчак силат;

Артур Те — дзюдо;

Владимир Золоев — дзюдо;

Азат Усеналиев — бокс;

Ошондой эле курама команда самбо, ушу-саньда, каноэ менен байдаркада сүзүү, жаа атуу, өзбек күрөшү, көркөм жана спорттук гимнастика, карате, велоспорт, футбол, волейбол, фехтование, үстөлдөгү теннис, ат спорту, ок атуу, баскетбол, сууда сүзүү, таэквондо сыяктуу спорттун түрлөрүнөн байгесиз кайтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0