БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Кыргызстандык балбандар кыргыз күрөшүнөн баш байгени эч кимге берген жок. Жети салмак категориясы боюнча чыккан спортчулар жети алтын тагынды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.
Маалыматка караганда Көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн кыргыз күрөшү мелдешине 38 мемлекеттен келген 131 балбан катышкан.
Алтын медаль уткан кыргызстандык балбандар:
Бекболсун Сатканкулов — 55 килограмм;
Амангелди Эсенбек уулу — 60 килограмм;
Равил Самат уулу — 66 килограмм;
Баястан Идирисов — 74 килограмм;
Чыңгыз Чалабаев — 84 килограмм;
Нурбек Кожобеков — 96 килограмм;
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары 8-сентябрга чейин уланат. Спорттук мелдештерге 70 мамлекеттен (Россиянын 12 субъектиси) 1918 спортчу катышууда. Алар спорттун 37 түрү боюнча күч сынашат. Ага 15 мамлекеттин улуттук оюндары киргизилген. Жалпы жонунан 594 медаль ойнотулат. Анын ичинен алтын — 174, күмүш — 173, коло — 247.
Улакчылар аттын жалына торпокту тартып алары менен такымдап, зоот атын чаң ызгыта чаап жөнөйт. Эгер жерге түшүп калса топту жарып кирип, жүздөгөн атаандашынын арасынан сууруп чыгышы керек. Ошондуктан бул бекеринен эрендердин эр оюну деп айтылган эмес.
Байгеге эки автоунаа, тирүү карышкыр, алтын кур, беш төө, 10 тай, 10 торпок, 10 топоз коюлду.
Мындай чоң аламан улакта торпок ар кимдин колуна эле тие бербейт, бул үчүн көп эмгек кылыш керек.
Билегинде күчү бар эрендер 70 килограммдык торпокту жерден эңип, бири-бирине ашырып кызыктуу оюн курушту.
Улакчылар аттын жалына торпокту тартып алары менен такымдап, зоот атын чаң ызгыта чаап жөнөйт.
Улакчылар жаракат албашы үчүн колуна, бутуна жана башына атайын коргоочу каражаттарды кийишет.
Байгеге эки автоунаа, тирүү карышкыр, алтын кур, беш төө, 10 тай, 10 торпок, 10 топоз коюлду.
Бүйүр кызыткан оюн Бишкектин жака белиндеги Дача СУ айылында өттү.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунан дагы атайын ышкыбоздор келишкен.
Бүгүнкү аламан улакка болжол менен миңге чукул улакчы келди.
Эгер тартып жаткан торпогу жерге түшүп калса топту жарып кирип, жүздөгөн атаандашынын арасынан сууруп чыгышы керек.
Ал ортодо бири-бири менен пикир келишпей араздашып кеткендер дагы болот,
Аламан улак көбүнчө кыш мезгилинде ойнолот, жаз келип, күн жылыгандан кийин токтойт.
Көк бөрүнүн мыктысы Манас Ниязов дагы аламан улактарга калбай катышат, албетте бул жерден дагы кур кол чыкпайт.
Аламан улакты Сейдали Келдиев үч уулуна бата алуу үчүн өткөрдү. Ал өзү да 18 жылдан бери улак тартып, белгилүү балбандардын катарында турат.
Акыркы жолу Нуньес өткөн жылдын июнь айында өткөн UFC 250 турниринде Фелиция Спенсер менен беттешип, калыстар тобунун добушу менен жеңүүчү деп табылган.
Ал эми Андерсон 2020-жылдын февраль айында UFC Fight Night 169 мелдешинде Норма Дюмон менен кез келип, биринчи раундда эле каршылашын нокаутка кетирген.Орточо оор салмактагы Ян Блахович менен орто салмактагы чемпион Исраэл Адесаньенин кармашы кеченин башкы беттеши болмокчу.
Маанилүүлүгү боюнча үчүнчү орунда турган беттеш Петр Ян менен Алджамейн Стерлингдин кармашы болот.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү системасынын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатууга багытталган окутуулар башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Алгач Кыргызстан эл аралык университетинин Политехникалык колледжинин мугалимдерине билим берүүдө компетенттүүлүктү ишке ашыруунун ыкмасы боюнча окутуу өткөрүлгөн.
Анда мугалимдерге окутуу модулдарын түзүү жана өткөрүү боюнча керектүү маалыматтар берилип, модулдук билим берүүнүн өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүшкөн.