Алтай көк бөрүчүсү. Архивдик сүрөт

Көк бөрү: Алтай командасы кыргыз улакчылары менен беттешүүгө чыкпай койду

696
(жаңыланган 09:26 06.09.2018)
Эми саат 12.00дө Казакстандын улакчылары Красноярск командасы менен күч сынашат.

ЧОЛПОН-АТА, 4-сен. — Sputnik. Алтай командасы оюнга чыкпай калып Кыргызстандын улакчылары жеңүүчү аталды.

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдиргендей Алтай командасынын курамы толук болбой калган.

"Айрым оюнчулары жаракат алганына байланышуу улакчыларынын саны толук болбой калды. Буга байланыштуу аларга оюнга чыгууга уруксат берилген жок", — дешти агенттиктен.

Ал эми саат Казакстандын улакчылары 12.00дө Красноярск, 15.00дө АКШ командалары менен беттешет. Ошондой эле саат 13.30да Өзбекстан менен Франциясынын улакчылары оюн талаасына чыкмакчы.

Белгилей кетсек, көк бөрү боюнча 11 команда күч сынашууда. Биринчи айлампада Кыргызстандын улуттук курама командасы монголдорду 29:5 эсебинде жеңип алган

Көчмөндөр оюндарында Кыргызстан капчыгына 43 медаль чогултуп көч баштап бара жатат. Анын 15и — алтын, 15и — күмүш жана 13ү — коло.

Көчмөндөрдөрдүн дүйнөлүк III оюндарына 82 мамлекеттен (Россиянын 11 субъектиси) 2500 спортчу келген. Алар спорттун 37 түрү боюнча күч сынашат. Мелдешке 15 мамлекеттин улуттук оюндары киргизилген. Жалпы жонунан медалдын 594 комплектиси ойнотулат. Анын ичинен 174ү — алтын, 173ү — күмүш, 247си — коло.

Спорттук мелдештер 8-сентябрга чейин Чолпон-Атадагы ипподромдо, Ден соолуктуу чыңдоо борборунда, Евразия пансионатында жана Кырчын жайлоосунда өтөт. Ал эми маданий иш-чаралар Бостери айылындагы "Nomad" амфитеатрында жана Кырчында болмокчу.

Көк бөрүнү ойноо тартиби жана кызыктуу фактылар менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан таанышыңыздар

696
Белгилер:
Көк бөрү, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Алтай крайы, Кыргызстан
Тема:
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары (211)
Тема боюнча
Кыргыз көк бөрүчүлөрү монгол командасынын чаңын асманга сапырды
Казакстандын маданият министрлиги көк бөрүчүлөрү тууралуу эмне дейт?
Казакстандын көк бөрүчүлөрү алган атын минип ипподромдо машыгышты. Видео
Россияда кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш башталды

Россияда Айтматов атындагы эл аралык көк бөрү мелдеши башталды

82
Турнирге Россиянын Подольск, Иркутск жана Москва облустарынын, ал эми Кыргызстандан "Атуул" командалары катышууда.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Россияда кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш башталды. Бул тууралуу Көк бөрү улуттук федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

  • На Благовещенском поле города Сергиев Посад (Московская область, Россия) стартовал международный турнир по кок-бору на Кубок Чынгыза Айтматова
    Россияда кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш башталды
    © Фото / Федерация кок-бору Кыргызстана
  • На Благовещенском поле города Сергиев Посад (Московская область, Россия) стартовал международный турнир по кок-бору на Кубок Чынгыза Айтматова
    Турнир Москва облусунун Сергиев Пасад шаарындагы Благовещенский талаасында болуп жатат. Ага Россиянын Подольск, Иркутск жана Москва облустарынын, ал эми Кыргызстандан "Атуул" командалары катышууда.
    © Фото / Федерация кок-бору Кыргызстана
1 / 2
© Фото / Федерация кок-бору Кыргызстана
Россияда кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш башталды

Турнир Москва облусунун Сергиев Пасад шаарындагы Благовещенский талаасында болуп жатат. Ага Россиянын Подольск, Иркутск жана Москва облустарынын, ал эми Кыргызстандан "Атуул" командалары катышууда.

Белгилей кетсек, спорттук иш-чара Россия жана Евразия элдеринин "Русский мир" дене тарбия фестивалынын алкагында өткөрүлөт. Аны Спортту жана тынчтык маданиятын өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча региондор аралык коомдук фонду, Россиянын Элдер ассамблеясы жана Кыргызстандын Көк бөрү улуттук федерациясы уюштурууда.

Мелдеш Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын эрежеси менен өтөрү айтылды.

Жеңүүчүлөр Чыңгыз Айтматов атындагы кубок жана уюштуруу комитетинин белектери менен сыйланат. Ал эми катышуучуларга эстелик белек берилет.

82
Белгилер:
Көк бөрү, фестиваль, Россия
Тема боюнча
Кадыркулов: "Русский мир" фестивалына 12 улакчы барат

Атаандашын жонуна көтөрүп. Япониялык дзюдочу кыздын кубанткан видеосу

166
Чемпион болгон спортчу кыз финалда жаракат алган атаандашына ичи ачышканын билдирип, ага жакшылык кылууну чечкен.

Венгриянын Будапешт шааарында өтүп жаткан дзюдо боюнча дүйнө чемпионатында кыздар күрөшүнөн япониялык Сара Асахинанын атаандашына көрсөткөн бийик адамгерчилиги көрүүчүлөрдү кубантты. Ал таймашта бутунан жаракат алып аксап калган атаандашы Вакаба Томитаны далысына көтөрүп, татамиден (килем) чыкканга жардам бергенин Эл аралык дзюдо федерациясынын расмий сайты жазды.

Боорукер спортчу оппонентине ичи ачышканын билдирген.

"Эң оор беттеш финалда болду. Мен чарчап, жеңилип да калышым мүмкүн болчу. Ал жаракат алып калды. Ичим ачышты, ошондуктан ага колдон келген жардамымды берип, татамиден чыкканга көмөктөштүм", — деген ал.

Сүйкүмдүү окуянын видеосун Кыргызстандын улуттук дзюдо федерациясы өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады. 

Анда дзюдо балбандары бийик адамгерчилиги менен дайыма коомчулукту таң калтырып келгени белгиленет.

Мелдештин жыйынтыгы аялдар күрөшүнөн +78 килограмм салмак категориясында төмөнкүчө болду:

  • Сара Асахина (Япония)
  • Вакаба Томита (Япония)
  • Мария Суэлен Альтеман (Бразилия) жана Беатрис Суза (Бразилия).
166
Белгилер:
Япония, Будапешт, дүйнө чемпионаты, дзюдо
Тема боюнча
Адамгерчилиги бийик экен! UWW Айсулуунун аракетин жылдын жагымдуу учуру деп атады
Акактап келе жаткан атаандашына суу сунган Көчкөнбаевдин ич жылыткан видеосу
Витаминдер. Архив

Адам сынынан кетпеши үчүн витамин ичүүнүн зарылдыгы барбы

0
Адистин айтымында, кайсы бир препаратты ичерден мурда дарыгер менен кеңешүү керек. Ошондой эле витаминдер менен биологиялык активдүү кошулмаларды ири жана ишенимдүү дарыканалардан гана сатып алуу зарыл.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Бой келбети келишимдүү болушун каалаган адамдарга витаминдер менен биологиялык активдүү кошулмалардын кереги бар же жок экенин нутрициолог, фитнес жана дарылоочу көнүгүүлөр боюнча адис Арина Скоромная РИА Новости агенттигине айтып берди.

"Эч бир витамин же биологиялык активдүү кошулмаларды ичпей деле жүрө берсе болот. Бирок дене бой ойдогудай болушу үчүн организмдеги бардык заттар жетиштүү болушу шарт. Витаминдерди тамактан керектүү көлөмдө баары бир ала албайбыз. Алыш үчүн абдан көп тамактанышыбыз керек. Негизи биз сөз кылып жаткан заттар организмге жардамчы катары зарыл", — деди адис.

Ошондой эле Скоромная кайсы бир препаратты ичерден мурда бир ооз дарыгер менен кеңешүү зарылдыгын айтты. Мындан тышкары, ал витаминдер менен биологиялык активдүү кошулмаларды ири жана ишенимдүү дарыканалардан гана сатып алуу керектигин кошумчалады.

0
Белгилер:
арыктоо, организм, адис, ден соолук, витамин
Тема боюнча
Адис: туура эмес арыктаган аялдын этек кири токтоп калышы мүмкүн