Крестинин: Азия кубогу күтүп турганына карабастан, күчтү Палестинага жумшайбыз

© Sputnik / Гулдана ТалантбековаПресс конференция перед футбольным матчем между Кыргызстаном и Палестиной
Пресс конференция перед футбольным матчем между Кыргызстаном и Палестиной - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан менен Палестинанын курама командалары эртең, 6-сентябрда, мелдешет.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Футбол боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин маалымат жыйында Палестина менен боло турчу жолдоштук мелдешке даярдык кандай болуп жатканын айтты.

Эске сала кетсек, мелдеш эртең, 6-сентябрда, саат 20:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы стадиондо өтөт. Эки мамлекеттин командалары эмки жылы өтө турчу Азия кубогуна даярдануу максатында беттешмекчи.

"Даярдык жакшы. Жаракат алгандар жок. Палестина күчтүү команда. Кийинки жылы боло турган Азия кубогуна карабастан катуу кармашабыз. Деги эле ар бир спортчу оюнга олуттуу мамиле жасашы керек деген ойдомун", — деди Крестинин.

Мындай пикирди Палестинанын башкы машыктыруучусу Нуриддин Оул Али менен коргоочу Абделатиф Бахдари да бекемдеди.

Сөөктүн рагы дешкен. Испаниянын футбол клубунда ойногон Айдананын ийгилиги - Sputnik Кыргызстан
Сөөктүн рагы дешкен. Испаниянын футбол клубунда ойногон Айдананын ийгилиги
"Оңой команда менен мелдешип жаткан жокпуз. Маанилүү оюндардын бири. Аябай даярдандык, күчтү аябайбыз", — дешти палестиналыктар.

Курама команда Азия биринчилигинин финалында алгачкы ирет оюн өткөрсө, Палестина экинчи ирет беттешет. Чучу кулактын жыйынтыгында кыргыз футболчулары С тайпасына туш келип, Түштүк Корея, Кытай жана Филиппин менен ойнойт. Ал эми Палестина B тайпасында Австралия, Сирия жана Иордания менен беттешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0