Казак улакчылары Красноярск командасын ири эсеп менен жеңди

© Sputnik / Табылды КадырбековВсемирные игры кочевников-2016. Кок бору
Всемирные игры кочевников-2016. Кок бору - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми саат 15.00дө Казакстандын курама командасы АКШдан келген улакчылар менен беттешет.

ЧОЛПОН-АТА, 5-сен. — Sputnik. Казакстандын улакчылары Красноярск командасын 15:3 эсеби менен жеңип алды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен кабарлады.

Оюндун биринчи бөлүк казак улакчыларынын пайдасына чечилип, 4:0 эсеби менен жыйынтыкталды. Ал эми Красноярск командасы экинчи бөлүктө жанданып, казак улакчыларына катуу тиш кайроого өттү. Ошентип эсеп саны 8:3 болуп соңуна чыкты. Бирок үчүнчү бөлүктө казак командасы намысты колдон чыгарган жок. Тай казанына үстөкө-босток улак таштап атаандаштарынын айласын кетирди.

Чемпионат Республики Алтай по национальной игре Кок-бору - Sputnik Кыргызстан
Көк бөрү: Алтай командасы кыргыз улакчылары менен беттешүүгө чыкпай койду
Эми саат 15.00дө Казакстандын курама командасы АКШдан келген улакчылар менен беттешет. Ага чейин саат 13.30да Өзбекстан менен Франциянын улакчылары оюнга чыкмакчы.

Эскерте кетсек, буга чейин Казакстандын командасы оюнга чыгуудан баш тартып, башкы машыктыруучу Каганат Сүйбаев команда кыргыз тарап берген аргымактарга алымсынбай мелдешке чыкпаганын түшүндүргөн

Ал эми Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов коңшу өлкөнүн оюнчуларына келери менен эле ат берилгенин, болгону алар негизсиз шарттарды коюп жатканын билдирген. 

Белгилей кетсек, көкбөрү боюнча 11 команда күч сынашууда. Биринчи айлампада улуттук курама командасы монголдорду 29:5 эсебинде жеңип алган. Экинчи айлампада алтайлык команданан курамы толук болбой оюнча чыгарылган эмес. Мындан улам Кыргызстанга автоматтык түрдө утуш ыйгарылган.

Көк бөрүнү ойноо тартиби жана кызыктуу фактылар менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан таанышыңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0