БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасы Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарында медаль саны боюнча алдыга чыкты. Бул тууралуу катчылыктын сайтында айтылат.
Ушул тапта мелдештин төртүнчү күнү өтүп жатат. Анда кыргыз спортчулары 43 медаль алды (15 алтын, 15 күмүш жана 13 коло).
Медалдык эсеп төмөнкүдөй болду:
— Россия — 24 медаль (11 алтын, 5 күмүш, 8 коло);
— Казакстан — 32 медаль (9 алтын, 9 күмүш, 14 коло);
— Түркмөнстан — 18 медаль (8 алтын, 3 күмүш, 7 коло);
— Иран — 8 медаль (4 алтын, 1 күмүш, 3 коло);
— Украина — 8 медаль (3 алтын, 3 күмүш, 2 коло);
— Өзбекстан — 19 медаль (2 алтын, 5 күмүш, 12 коло);
— Венгрия — 6 медаль (бир алтын, 2 күмүш, 3 коло);
— Монголия — 4 медаль (бир алтын, 2 күмүш, бир коло);
— Болгария — 2 медаль (бир алтын, бир коло);
— Сербия — 2 медаль (бир алтын, бир коло);
— Литва — бир алтын;
— Азербайжан — 13 медаль (5 күмүш, 8 коло);
— Аргентина — бир күмүш;
— Польша — бир күмүш;
— АКШ — бир күмүш;
— Грузия — эки коло;
— Кытай — 2 коло;
— Молдова — 2 коло;
— Армения — бир коло;
— Индия — бир коло;
— Нидерланддар — бир коло;
— Түркия — бир коло;
— Эстония — бир коло.
Дагы 40 өлкө байге куржунуна медаль сала элек.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Киев шаарында өтүп жаткан эл аралык турнирдин финалында украиналык Илона Прокопевнюкту 9:7 эсеби менен утуп, алтын медалдын ээси болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Күрөш федерациясынын расмий сайтында айтылат.
Кыздардын кармашын социалдык тармактагы спорттук баракчалар чыгарды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
"Биздин чемпион үчүн өтө мээнеттүү жеңиш болду", — деп жазылан спорттук баракчада.
Кыргызстандык балбан квалификациялык этапта Мариана Састинди (Венгрия), 1/8 финалда алжирлик Амэль Хаммичени 11:0 эсебинде утса, чейрек финалдагы атаандашы Наталья Кубатынын (Польша) далысын тийгизип, таза жеңишти камсыздаган. Жарым финалда ал өзбекстандык спортчу Раяна Абдурасулованы 10:0 эсебинде техникалык артыкчылык менен жеңип алган.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Грек-рим күрөшүнүн белгилүү балбаны Жоламан Шаршенбеков Киевдеги эл аралык турнирдин финалында ирандык Алиреза Неджатиге 1:5 упай эсебинде утулуп, күмүш медаль тагынмай болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Күрөш федерациясынын расмий сайтында айтылат.
Балбандар 60 килограмм салмак ченде күч сынашты. Алардын кармашын социалдык тармактагы спорттук баракчалар чыгарды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
"Жеңишти камсыздоого бир нече эле секунд жетпей калды. Ал ыкманы кармашуу аяктагандан кийин жасап калды. Анын үстүнө Кыргызстандын чемпионатынан кийин дароо бул турнирге катышууга туура келди", — деп жазылган спорттук баракчада.Кыргызстандык балбан 1/16 финалда алжирлик Абдельжеббар Жеббарини утса, 1/8 финалда грузиялык Дато Чхартишвилини, чейрек финалда Иво Ангеловду (Болгария) жеңип алган. Ал эми жарым финалда украиналык Виктор Петрикти 12:4 эсебинде таза техникалык артыкчылык менен уткан болчу.
Украинанын чыгаан балбандарынын жана машыктыруучуларынын элесине арналган XXIV эл аралык мелдеш кечээ башталган.
Жоламан Шаршенбеков Кыргызстан эгемендик алгандан бери дүйнө чемпионатынан (2018) күмүш медаль тагынган экинчи кыргызстандык. Биринчи жолкусун Канат Бегалиев (2006) алган.
Ал эми дүйнө чемпионатынан алтынды 2019-жылы Айсулуу Тыныбекова алганы белгилүү.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Балбайлык окуучу Бекболот Турдушев президент Садыр Жапаров менен жолукту. Ал Instagram баракчасына өлкө башчысы менен жолуккан учурда тартылган сүрөттөрүн жарыялаган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына президент окуучу бала менен жолугууга убада бергенин белгилеп кетти.
Бекболот Турдушев мектебинин эскилиги жеткенин айтып, эки кабат мектеп салып бериңиз деп өлкө башчысына кайрылгандан кийин интернет жылдызына айланган.Ошондон кийин Бекболоттун Жапаров менен жолуга турганы тууралуу маалымат тараган.
Президенттин маалымат кызматы Жапаров Россияга болчу сапарынын алдында окуучу бала менен жолугуу каралган эмес дешкен.
Көп өтпөй Жапаров видео байланыш аркылуу Бекболот Турдушев менен сүйлөшкөнүн өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлаган.