Эртең кыргыз-казак улакчылары кимдер менен, саат канчада беттешет? Программа

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын жана Казакстандык көк бөрүчүлөр беттеш алдында. Архив
Кыргызстандын жана Казакстандык көк бөрүчүлөр беттеш алдында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарым финалдык мелдеште төрт команда намыс талашат.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Эртең, 6-сентябрда, көк бөрү боюнча оюн талаасына чыга турчу командалар белгилүү болду. 

Жөлөп-таяп тайказанга ыргытып... Француздардын улак тарткан видеосу - Sputnik Кыргызстан
Жөлөп-таяп, аттан кулап. Америка жана франциялыктардын көк бөрү тарткан видеосу
Ага ылайык саат 16.00дө Кыргызстан менен Москва облусунан келген улакчылар беттешет. Ал эми саат 18.00дө Казакстан менен Өзбекстандын командалары күч сынашып, жеңген командалар 7-сентябрь күнү финалдык оюнга чыгат. 

Кыргызстан буга чейин Монголия жана Алтайдан келген улакчыларды жеңген. Ал эми Казакстан Красноярск менен АКШ командаларын артта калтырды. 

Эскерте кетсек, Көчмөндөр оюндарнда 11 көк бөрү командасы күч сынашууда. Баш байге ээси үч миллион сом алат. 

Көк бөрүнү ойноо тартиби жана кызыктуу фактылар менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан таанышыңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0