Бүгүн Кыргызстан менен Палестинанын футболчулары беттешет

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары машыгуу учуранда. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары машыгуу учуранда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азия кубогу — 2019га карата Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы эки оюн өткөрөт. Анын бири Палестина менен боло турчу бүгүнкү таймаш.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 6-сентябрда Кыргызстан менен Палестинанын курама командаларынын ортосунда жолдоштук беттеш өтөт.

Бул эки команда үчүн тең Азия Кубогу — 2019га даярдык болмокчу. 10-сентябрда дагы бир оюн өтүп, анда улуттук командда сириялык футболчулар менен таймашат. Эки оюнга тең башкы машыктыруучу Александр Крестинин 23 оюнчуну киргизген, бирок алардын катарына команданын алдыңкы футболчулары — капитан жана коргоочу Азамат Байматов менен жарым коргоочу Антон Землянухин кирген эмес.

Кыргызстандык балбандар кыргыз күрөшүнөн баш байгени эч кимге берген жок. Жети салмак категориясы боюнча чыккан спортчулар жети алтын тагынды - Sputnik Кыргызстан
Намыска жарадыңар! Кыргызстандын балбандары кыргыз күрөштөн 7 алтын утту
Палестина менен болгон оюнду FIFA реферисинин жетекчилиги алдында казакстандык калыстар бригадасы тескейт.

Ушу тапта FIFA рейтингинде КР командасы 92-орунда болсо, Палестина 99-сапты ээлеп турат.

Букмекерлердин айтымында, кыргызстандыктардын жеңишке болгон мүмкүнчүлүгү атаандаштардыкына караганда жогорураак. КР командасынын коэффиценти 2,24 болсо, палестиналыктардыкы 3,32ге бааланган. Ал эми тең эсепке 3,52 деген көрсөткүч берилген.

Эки команда буга чейин ар кыл турнирлерде жолуккан. Бирден жолу утуп, үчүнчүсүндө тең чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0