Марафон. Архивдик сүрөт

Бишкекте Айтматовдун 90 жылдыгына карата марафон өтөт

64
(жаңыланган 14:08 07.09.2018)
Иш-чара 23-сентябрь күнү саат 9.00дө башталат.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Бишкекте залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган эл аралык жарым марафон өтөт. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты.

Иш-чара 23-сентябрь күнү саат 9.00дө Арча-Бешик жаңы конушундагы Шербет 46/1 дарегинде жайгашкан дене тарбия жана ден соолук борборунда башталат.

Ар кайсы өлкөлөрдөн келген кесипкөй спортчулар менен ышкыбоздор 21, 10 жана 3 чакырымга чуркашат.

Марафондун максаты — Бишкек шаарын ар кандай спорттук иш-чараларды өткөрүүгө кудурети жеткен, заманбап шаар катары көрсөтүү, дени сак жашоону үгүттөө жана эл аралык спорт, туризм жаатындагы байланыштарды бекемдөө.

64
Белгилер:
марафон, ден соолук, туризм, Бишкек
Тема боюнча
Бишкекте эл аралык жарым марафон өтөт
Бишкекте биринчи жолу эл аралык жарым марафон өттү. Жарыштагы сүрөттөр