Өзбекстан командасынын жетекчиси: Казакстанды жеңгенибиз көк бөрүгө чоң жарнама болду

© Sputnik / Сергей АладьевӨзбекстандык көк бөрүчүлөр Казакстан командасы менен беттеш учурунда
Өзбекстандык көк бөрүчүлөр Казакстан командасы менен беттеш учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбек улакчылары Көчмөндөр оюандарына катуу даярдык менен келгенин белгилешет. Алардын жеңиши мекендештерин абдан кубандырса, бийлик органдарынын көңүлү бурулуп улакчыларына башкача мамиле жасоого өткөнүн айтышууда.

Көчмөндөр оюндарындагы көк бөрү боюнча мелдештин финалында Кыргызстан менен Казакстандын кезигүүсүн күткөндөр көп болчу. Бирок Өзбекстандын командасы казак улакчыларын утуп алып, сенсация жаратты. Бүгүн алар баш байге үчүн саат 18:00дө Кыргызстан менен күч сынашат.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Эламан Карымшаков Өзбекстандын Көк бөрү федерациясынын президенти Бахрам Гаффуров менен маектешти.

— Оюндун үчүнчү бөлүгү бүтүп, жеңиш сиздерге оогонун көргөндө кандай сезимдер болду?

Өзбек улакчылары финалга чыгыш үчүн кандай даярданганын айтышты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Өзбек улакчылары финалга чыгыш үчүн кандай даярданганын айтышты. Видео
— Эгер Кыргызстан же Казакстандын командасы менен ойносок жеңилебиз деген ой болгон. Үчүнчү орунга ниет кылып келгенбиз. Бирок жеңишти укканда маңдайыбыз жарыла сүйүнүп, бири-бирибизди куттуктадык. Чынында бул өзүбүз үчүн да күтүүсүз болду. Биринчи бөлүктө 2:1 эсеби менен артта калдык, экинчи бөлүктө да ушундай сакталды, үчүнчү бөлүктө бир керемет оюн болуп кетти. Бизге Кыргызстан абдан жакшы аргымактарды берди. Көк бөрүнүн чыныгы аттары экен.

— Казакстан командасы финалда Кыргызстан менен чыкпоо үчүн атайын сиздерге жеңилип берип койду деген сөздөр айтылууда. Буга сиздин пикириңиз кандай?

— Андай пикирлерге кошула албайм. Албетте, дүйнөдө көк бөрүнүн мыктылары деп Кыргызстан менен Казакстан саналат. 20 жылдан бери ушул эки өлкө улак тартууда финалды эч кимге берген эмес. Бирок мунусунда жеңиш бизге жылмайыптыр. Мыкты улакчыларды алып келгенбиз, жогоруда айтып кеткендей, уюштуруучулар жакшы аттар менен камсыздады. Казак атаандаштарыбыз "өзбекстандыктарды баары бир утабыз" деген маанайда келишкен. Алардын курамын билем, мен тааныган эки-үч жакшы оюнчусу келбептир. Жеңиш тууралуу айтсак, мурда Казакстандын өзүнүн аттарын минип артыкчылык кылчу. Биздин аттар аламан улакка чуркагандыктан, тайказанга жологонду билчү эмес. Мында эки командага тең бирдей шарт түзүлдү. Чынын да алар аябай катуу аракет кылды, бирок биз жеңип кеттик.

— Атаандаштар менен оюндан кийин сүйлөштүңүздөрбү?

— Ооба, алар азамат экен. Келип бизди куттукташты. Терс маанайдагы сөздөрдү айтышкан жок, баары жакшы. Буга чейин деле алар менен мамилебиз дурус болчу.

— Бул жеңишти мекендештериңиз кандай кабыл алды?

Руководитель сборной Кыргызстана по кок-бору Талас Бегалиев - Sputnik Кыргызстан
Талас Бегалиев: казак улакчыларына капабыз, Өзбекстанга атайын утулуп берди
— Казакстандын командасын жеңгенден кийин Өзбекстандын Дене тарбия жана спорт министри жана башка жетекчилер бизден үмүт артып баштады. Алар оюнду көрүп отурушкан, аягында келип, сүйүнүп куттукташты. Мындан ары бизде да көк бөрү аябай жакшы өнүгөт деген ойдомун. Жетекчилер баргандан кийин Мамлекеттик спорт комитетинде чогулуп мындан аркы кадамдарды талкуулайбыз деди. Учурда ат майдан курулуп жатат, ошол жерге тай казан коюп кийинки жылы Көк бөрү чемпионатын өткөрүүнү сурайбыз. Мекендештер аябай кызыгып калышты. Биздин бул жеңиш көк бөрү оюнун Өзбекстанга жакшы жарнама кылды.

— Бүгүнкү оюнга даярдыгыңыздар кандай?

— Кечээ кандай таймашсак, бүгүн андан да катуу ойноого аракет кылабыз. Казакстанды жеңгенден кийин жигиттерде чоң ишеним пайда болуп калды. Манаайлары абдан жакшы. Бүгүн саат 18.00дө абдан сонун оюн болот.

— Көчмөндөр оюндарына башынан даярдандыңыздар беле?

III Всемирные игры кочевников. 3 день. Этногородок Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюндарынын алтынчы күнү. Учурда эмне болуп жатат?
— Алгач, Стамбулда өтө турган мелдешке даярданып жатканбыз. Кайра ойлонуп биз үчүн Көчмөндөр оюндары маанилүү деп чечтик. Өлкөнүн эң мыкты улакчыларын чогултканбыз. Өзбекстанда көк бөрү анча өнүккөн эмес. Көбүнчө аламан улак өтөт. Биз ошол улактан суурулуп чыккандарды тандап алып, анан тай казан менен ойноп даярданганбыз. Команда Чизак, Самарканд, Ташкент облустарынын улакчыларынан куралды.

Бизде да 2000-жылы Улак купкари федерациясы түзүлгөн. Жыл сайын аламан улак боюнча өлкө чемпионаттары өтүп турат. Өткөн жылы Астанага да барып 7-орунду алганбыз. Анда тайпалык группада Кыргызстан менен чыгып жеңилип калганбыз. Ошол курамды кайрадан күчтөндүрүп алып келдик.

Көк бөрүнү ойноо тартиби жана кызыктуу фактылар менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан таанышыңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0