ЧОЛПОН-АТА, 7-сен. — Sputnik. Көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан көк бөрү мелдешинде Казакстан Москвадан келген улакчыларды утуп коло байге алды.
Эске салсак, Казакстандын улакчылары Красноярск жана АКШ командаларын жеңип, бирок жарым финалда өзбекстандыктарга утулуп калган.
Ал эми Москва облусунун командасы буга чейин Афганистанды утуп, Кыргызстандын көк бөрүчүлөрүнө жеңилген.
Эми саат 18:00дө Кыргызстан менен Өзбекстан финалдык беттешке чыгат.
Кыргызстандын командасынын курамы жана минген аттары:
Жетекчиси Мыктыбек Туташев
1. Марлис Койгелдиев (капитан) — Арбат;
2. Кубаныч Султан уулу — Атаман;
3. Айбек Темирбаев — Ахилес;
4. Эрлан Төлөбеков — Дерзкий;
5. Таштемир Замирбек уулу — Алай;
6. Чубак Нурманбет уулу — Ак-Куш;
7. Нуржан Мелисбек уулу — Эрке-Тору;
8. Уланбек Насакеев — Арча-Тору;
9. Аскат Батырбек уулу — Токмок;
10. Манас Ниязов — Бойка;
11. Рустам Тыналиев — Комбат;
12. Анарбек уулу Сейитбек — Кара-Куш.
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын алкагында өткөн көк бөрү мелдешине 11 команда катышты. Баш байгеге 3 миллион, экинчи орунга 1,5 миллион, үчүнчү орунга 1 миллион, төртүнчү орунга 500 миң сом ыйгарылат.
Көк бөрүнү ойноо тартиби жана кызыктуу фактылар менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан таанышыңыздар.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Киев шаарында өтүп жаткан эл аралык турнирдин финалында украиналык Илона Прокопевнюкту 9:7 эсеби менен утуп, алтын медалдын ээси болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Күрөш федерациясынын расмий сайтында айтылат.
Кыздардын кармашын социалдык тармактагы спорттук баракчалар чыгарды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
"Биздин чемпион үчүн өтө мээнеттүү жеңиш болду", — деп жазылан спорттук баракчада.
Кыргызстандык балбан квалификациялык этапта Мариана Састинди (Венгрия), 1/8 финалда алжирлик Амэль Хаммичени 11:0 эсебинде утса, чейрек финалдагы атаандашы Наталья Кубатынын (Польша) далысын тийгизип, таза жеңишти камсыздаган. Жарым финалда ал өзбекстандык спортчу Раяна Абдурасулованы 10:0 эсебинде техникалык артыкчылык менен жеңип алган.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Грек-рим күрөшүнүн белгилүү балбаны Жоламан Шаршенбеков Киевдеги эл аралык турнирдин финалында ирандык Алиреза Неджатиге 1:5 упай эсебинде утулуп, күмүш медаль тагынмай болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Күрөш федерациясынын расмий сайтында айтылат.
Балбандар 60 килограмм салмак ченде күч сынашты. Алардын кармашын социалдык тармактагы спорттук баракчалар чыгарды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
"Жеңишти камсыздоого бир нече эле секунд жетпей калды. Ал ыкманы кармашуу аяктагандан кийин жасап калды. Анын үстүнө Кыргызстандын чемпионатынан кийин дароо бул турнирге катышууга туура келди", — деп жазылган спорттук баракчада.Кыргызстандык балбан 1/16 финалда алжирлик Абдельжеббар Жеббарини утса, 1/8 финалда грузиялык Дато Чхартишвилини, чейрек финалда Иво Ангеловду (Болгария) жеңип алган. Ал эми жарым финалда украиналык Виктор Петрикти 12:4 эсебинде таза техникалык артыкчылык менен уткан болчу.
Украинанын чыгаан балбандарынын жана машыктыруучуларынын элесине арналган XXIV эл аралык мелдеш кечээ башталган.
Жоламан Шаршенбеков Кыргызстан эгемендик алгандан бери дүйнө чемпионатынан (2018) күмүш медаль тагынган экинчи кыргызстандык. Биринчи жолкусун Канат Бегалиев (2006) алган.
Ал эми дүйнө чемпионатынан алтынды 2019-жылы Айсулуу Тыныбекова алганы белгилүү.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Балбайлык окуучу Бекболот Турдушев президент Садыр Жапаров менен жолукту. Ал Instagram баракчасына өлкө башчысы менен жолуккан учурда тартылган сүрөттөрүн жарыялаган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына президент окуучу бала менен жолугууга убада бергенин белгилеп кетти.
Бекболот Турдушев мектебинин эскилиги жеткенин айтып, эки кабат мектеп салып бериңиз деп өлкө башчысына кайрылгандан кийин интернет жылдызына айланган.Ошондон кийин Бекболоттун Жапаров менен жолуга турганы тууралуу маалымат тараган.
Президенттин маалымат кызматы Жапаров Россияга болчу сапарынын алдында окуучу бала менен жолугуу каралган эмес дешкен.
Көп өтпөй Жапаров видео байланыш аркылуу Бекболот Турдушев менен сүйлөшкөнүн өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлаган.