ЖМК: Шевченконун каршылашы чемпиондук курунан айрылды. Дана Уайттын билдирүүсү

© AP Photo / David BeckerРемень чемпиона UFC во время пресс-конференции в Лас-Вегасе
Ремень чемпиона UFC во время пресс-конференции в Лас-Вегасе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шевченко менен беттеше турган спортчу жыл аягына чейин дайындалат.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Жеңил салмактагылар арасындагы UFC чемпиону Нико Монтано курунан айрылды. Ал эми бул наам үчүн кыргызстандык Валентина Шевченко күч сынашат. Бул тууралуу MMA Fighting сайты аталган уюмдун башчысы Данна Уайтка шилтеме берип жазды.

Тайбоксер из Кыргызстана Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөнү дүңгүрөткөн Валентина Шевченко тууралуу 10 факты
АКШда жекшемби күнү өтчү беттеш Монтанонун ооруканага жатып калгандыгына байланыштуу болбой калды. UFC уюмунун дарыгерлери америкалык спортчунун саламаттыгын текшерип, анын бөйрөгүндө көйгөйлөр бар экендигин аныктаган.

Ал эми Шевченко каршылашы кесипкөйлүккө жатпаган аракеттерди жасап, беттештен атайын качып жаткандыгын айтып чыкты

Уайттын айтымында, титул учурда ээсиз калды.

"Чындыгында Шевченко титул үчүн кармашка чыгууну көксөп турат. Буга байланыштуу биз жыл соңуна чейин башка беттешти уюштурабыз. Учурда бул маселе каралып жатат", — деди ал.

Нико Монтано жаралган абал боюнча үн ката элек. Ал эми анын менеджерлери UFC уюмунан мындай кабар келе электигин билдирүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0