Казакстандын улуттук спорт федерациясынын президенти, межилис депутаты Бекболат Тилеухан

Бекболат Тилеухан: казактар кыргыздардай ат таптай албайт

3364
(жаңыланган 14:24 11.09.2018)
Казакстандын улуттук спорт федерациясынын президенти Бекболат Тилеухан ат таптоодо кыргыздар алдыда экенин маалымат жыйында билдирди.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Казакстандын улуттук спорт федерациясынын президенти, Межилис депутаты Бекболат Тилеухан казак көкпарчысынын Кыргызстандын телеканалдарына көкпарга эч кандай даярдыктар болбой, оюнга катышуу үчүн өзүнүн атын кошконун айтканы чындыкка дал келбей турганын белгиледи. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Тилеухандын айтымында, көк бөрүгө түшчү аттарды оюнду уюштурган тарап дайындап бериши керек.

 

 

"Бул айтылгандардын бардыгы жалган. Бир эмес, бир нече ирет жыйын өткөрдүк. Ат менен чакырган жакка барасың. Бирок Франциядан, Америкадан ким ат минип келет? Адатта ким чакырса ошолор ат камдайт. Экинчиден биз Кыргызстан сыяктуу ат даярдай албайбыз. Ушундай жерде эконмикалык каатчылыктын да пайдасы бар. Айрым кишилердин күнү атка түшүп калгандыктан, аны жакшы таптап сатуу менен алектенип, кийин өздөрү да кыйын саяпкер болуп чыга келишет. Бул нерсени кыргыздарга карата айтып жатам. Казак дагы жылкы баласына жакын эл. Кийинки сөзүм биздин жигиттерге катуу тийиш мүмкүн, ошентсе да биз кыргыздардай ат таптай албайбыз. Сарычаян да кыргыздардан келген. Андыктан кыргыздарды атты таптоо жагынан жаман деп айта албайбыз", — деди Тилеухан.

Эске салсак, Казакстандын улуттук спорт федерациясынын президенти, межилис депутаты Бекболат Тилеухан 10-сентябрда Sputnik Казакстан агенттигинде маалымат жыйын өткөрүп, Казакстандын улакчылары эмне үчүн Көчмөндөр оюндарында Өзбекстанга утулуп калганын жана бул оюндар Азия, Дүйнө чемпионаты сыяктуу мартабалуу эместигин айткан болчу.

3364
Белгилер:
ат, Көк бөрү, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Казакстан, Кыргызстан
Тема:
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары (211)
Тема боюнча
Көчмөндөр оюну — ири мелдеш эмес! Казакстандын федерациясы улакчылары тууралуу
Ниязов тай казанга улак кучактап ыргыганда… Көк бөрү финалынан кызыктуу видео
Өзбекстан командасынын жетекчиси: Казакстанды жеңгенибиз көк бөрүгө чоң жарнама болду
Көк бөрү боюнча өзбек командасы казак улакчыларын утуп алды!
Пикирлер