Криштиану Роналдунун ийгилигинин сыры ачылды

© REUTERS / SERGIO PEREZПортугалиялык футболчу Криштиану Роналду. Архив
Португалиялык футболчу Криштиану Роналду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Футболчу менен чогуу иштеген дарыгерлер болгонун болгондой айтып беришкен.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Криштиану Роналду менен иштеген Мадриддин "Реал" клубунун дарыгери Хуан Карлос Эрнандес жана "Манчестер Юнайтед" клубунун дарыгери Мик Клегг белгилүү футболчунун ийгилик сырын ачты. Бул тууралуу Calciomercato басылмасы жазды.

Эрнандестин айтымында, Роналду үч гана нерсени сактаганы үчүн эбегейсиз ийгиликтерге жеткен. Алар туура машыгуу, тамактануу жана эс алуу.

Ал эми дарыгер Клеггдин белгилешинче атактуу футболчу өзүнүн ишине чындап берилген.

"Роналду токтоп калуу дегенди билбейт", — деди ал.

Как Роналду с семьей прилетел в Турин. Видео - Sputnik Кыргызстан
Чао, Мадрид! Роналдунун үй-бүлөсү менен Туринге көчүп келген видеосу
Андан сырткары, футболчунун медициналык кароодон кийинки көрсөткүчү да дарыгерлерди таң калдырган. Анын денесиндеги майдын пайыздык көрсөткүчү 7 пайызды гана түзгөн. Бул көрсөткүч орто эсеп менен 10-11 пайыз болушу керек.

Белгилей кетсек, Роналду 10-июлда "Ювентус" клубуна өттү. Баасы 112 миллион еврону түзгөн трансфер келишим боюнча бул клубда төрт жыл ойнойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0