Нурмагомедов атаандашы Макгрегор торго киргенде ага сабак берерин айтты

© REUTERS / Noah K. Murray-USA TODAY SportsПресс-конференция чемпиона UFC в легком весе россиянина Хабиба Нурмагомедова и ирландского бойца Конора Макгрегора
Пресс-конференция чемпиона UFC в легком весе россиянина Хабиба Нурмагомедова и ирландского бойца Конора Макгрегора - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мушкерлер 6-октябрда Лас-Вегаста UFC турниринин алкагында беттешет.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Ultimate Fighting Championship уюмунун Twitter баракчасына жеңил салмак боюнча UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен ирландиялык мушкер Конор Макгрегордун маалымат жыйынынын видеосу жарыяланды.

Мушкерлер беттеш алдында жолугушту.

​Макгрегор маалымат жыйын учурунда өзүн кармай албай, Нурмагомедов менен атасын коркок деп атады. Буга Хабиб Нурмагомедов жай гана жооп кайтарды. Дагестандык мушкер ал үчүн 6-октябрь гана маанилүү экенин айтты.

"Азыр ал (Макгрегор — ред.) каалаганын айтып алсын… Тор жабылгандан кийин көрөбүз. Макгрегордун атасы ага эмнени үйрөтөт билбейм, бирок менин атам эч качан өзүңдү таштаба жана сый-урмат көрсөт деп айтат. Мен эч качан өзүмдү таштабайм жана сый урматымдан жазбайм. Анын атасы тууралуу эч нерсе айта албайм. Торго киргенде мен ага сабак берем", — деди Нурмагомедов.

​Мушкерлер 6-октябрда Лас-Вегаста UFC турниринин алкагында беттешет. Нурмагомедов жеңил салмак боюнча чемпиондук титулун коргойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0