FIFA: Салах эң кооз гол киргизип, Модрич жылдын мыкты оюнчусу аталды

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүЕгипеттик футболчу Мохаммед Салах. Архив
Египеттик футболчу Мохаммед Салах. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Хорватия курама командасынын жарым коргоочусу, футбол боюнча дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) версиясына ылайык, Хорватия курама командасынын капитаны жана "Реал Мадрид" курама командасынын жарым коргоочусу Лука Модрич жылдын мыкты оюнчусу деп табылды. Бул тууралуу Р-Спорт маалымдады.

Сыйлыктарды тапшыруу салтанаты Лондондо өттү. 33 жаштагы Модрич менен катар финалдык үчилтикке Англиянын "Ливерпуль" командасынын чабуулчусу, египеттик Мохаммед Салах жана Италиянын "Ювентус" футбол клубунун чабуулчусу, португалиялык Криштиану Роналду илинген.

Италиялык Ювентус футбол клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Криштиану Роналду оюндан четтетилгенден кийин ыйлап жиберди. Видео
Ушул жылы Хорватия курама командасынын оюнчусу Модрич дүйнө чемпионатынан күмүш медаль тагынып, турнирдин эң мыкты оюнчусу деп табылган. Былтыркы жылы ал "Реал" клубуна чемпиондор лигасын үч жолу катары менен жеңүүгө жардам берген.

Жарым коргоочу "падышалык" клубга 2012-жылы кирип, андан бери ал Испаниянын чемпиону жана Испания кубогунун ээси аталган. Төрт жолу чемпиондор лигасын утуп алган.

Ал эми Мохаммед Салах футбол федерациясынын версиясы боюнча эң кооз гол киргизгендиги үчүн Ференц Пушкаш атындагы сыйлыктын ээси болду.

Салахтын Англия чемпионатында "Эвертондун" дарбазасына киргизген тобу 2018-жылдын эң кооз голу болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0