Таиландда машыккан Рафаель Физиев Бишкекте мастер-класс көрсөтөт

© Фото / Facebook / ROAD FCТайбоксер из Кыргызстана Рафаэль Физиев
Тайбоксер из Кыргызстана Рафаэль Физиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара эртең, 27-сентябрда Бишкектеги спорт клубдардын биринде өтөт.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Тайбокс федерациясы менен PRIDE TEAM спорттук клубу Рафаель Физиевдин семинарын өткөрүшөт. Бул туурасында федерациянын президенти Елена Шевченко Instagram баракчасына жарыялады. 

Иш-чара эртең, 27-сентябрда борбордогу спорт клубдардын биринде өтөт.

"Семинар ММА жана тайбокс сүйүүчүлөрүнө арналат. Сиздер Физиевге беттешке, машыгууга, туура тамактанууга, салмак түшүрүүгө, деги эле өзүңөр кызыккан бардык суроолорду узата аласыздар", — деди Шевченко.

Кыргызстандык спортчу учурда Таиланддагы Tiger Muay Thai залында машыгып, өзү да машыктыруучулукту аркалап келет. Тайбокс боюнча бир канча эл аралык мелдештердин, ММА боюнча беш ири турнирдин жеңүүчүсү. Быйыл Америкадагы беделдүү делген UFC уюмунун тандоо турнирине катышууга жолдомо алып, визанын айынан беттештен кол жууган

Жаңылыктар түрмөгү
0