Бишкекте скандинав жөө жүрүшү боюнча турнир өтөт

© Sputnik / Сергей Мамонтов / Медиабанкка өтүүПроект "Московское долголетие" в Парке Победы в Москве
Проект Московское долголетие в Парке Победы в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турнирге борбор калаанын улгайган адамдары катышат.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Борбор калаада скандинав жөө жүрүшү боюнча мелдеш өтөөрүн уюштуруучулар кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, турнир 1-октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата уюштурулуп жатат.

Спорттук мелдеш 1-октябрь күнү Ботаникалык бакта 10:00дөн 13:00гө чейин улантылмакчы. Турнирге спортту сүйгөн 55 жаштан өйдө адамдар катышат.

Мелдештин уюштуруучулары — Улуттук кызыл ай коому, Бишкектин FOFINGO ден соолукту чыңдоо жана спорттук борбору.

Иш-чара Бишкек шаарынын социалдык өнүгүү башкармалыгынын колдоосунун алдында өтмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0