БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. UFC мушкери ирландиялык Конор Макгрегор атаандашы россиялык Хабиб Нурмагомедов майдаланып бөлүнүп кеткенге чейин чапкылайм деп сөз бергенин Р-Спорт басылмасы жазды.
Эки мушкердин беттеши UFC 229 турниринин алкагында 6-октябрда Лас-Вегаста болот.
Макгрегор мелдеш алдында билдирүү таратты.
"Аны аябайм. Мен аны талкаланып кеткидей кылам. Ал майдаланып кеткиче ургулайм. Менин соккуларыма ал туруштук бере албайт. Ал өзүн үйрөнчүк катары алып жүрөт", — деди Макгрегор.
Нурмагомедов 26 жолу беттешип, бардыгын тең уткан. Ал эми эки салмак категориясы боюнча UFC уюмунун чемпиону Макгрегор 2016-жылдын күз мезгилинен бери ММА мушташтарына катыша элек. Ал 21 жолу жеңишке жетип, 3 жолу жеңилүү ызасын тарткан.