Зарыктырган беттеш болду! Шевченконун атаандашы алмашып кетти

© Фото / предоставлено федерацией Тайского бокса КРПретендентка на титул UFC в наилегчайшем весе Валентина Шевченко
Претендентка на титул UFC в наилегчайшем весе Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык мушкердин атаандашы беттешке даяр эместигин жар салган.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Кыргызстандык Валентина Шевченко менен польшалык Йонна Еджейчик чемпиондук наам үчүн UFC 231 турниринин алкагында жолукпайт. Бул туурасында MMAFighting.com спорттук порталы жазды.

Анын ордуна Шевченко америкалык Сиджара Юбэнкс аттуу спортчу менен 3-ноябрда Нью-Йорктогу UFC 230 турниринде мелдешет. 

​Маалыматка ылайык, мурдагы атаандашы Йонна Еджейчик 8-декабрда Торонтодо өтө турчу турнирге "даяр эмесмин" деп беттешүүдөн баш тарткан.

Ушуну менен Шевченконун чемпиондук наам үчүн кармашы экинчи ирет үзгүлтүккө учурап жатат. Алгач америкалык Никко Монтано менен кармашмак, бирок ал мелдешке аз калганда ооруканага түшүп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0