WEF уюмунун кезектеги ири турнири качан боло тургандыгы белгилүү болду

Жазылуу
Файткарддагы болжолдуу маалыматка ылайык, өлкө атынан Актилек Жумабек уулу, Самат Эмилбеков, Алтынбек Мамашев, Ариет Бекишев өңдүү мушкерлер катышат.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Кыргызстандык кулатуу эр таймаш федерациясынын эл аралык деңгээлдеги WEF Global 13 турнири 10-ноябрда өтмөй болду. Бул туурасында лиганын Instagram тармагындагы расмий баракчасында айтылат.

Мелдеш борбордогу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтмөкчү.

Бул ирет WEF федерациясы мелдешти япониялык "REAL FIGHT ARZALET FGC" уюму менен биргеликте өткөрөт. Ага Борбор Азия, Россия, Бразилия, Корея жана Япония мамлекеттеринин спортчулары келет.

Файткарддагы болжолдуу маалыматка ылайык, өлкө атынан Актилек Жумабек уулу, Самат Эмилбеков, Алтынбек Мамашев, Ариет Бекишев, Кубаныч Абдисалам өңдүү мушкерлер катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0