Жаштар олимпиадасынын оту жанат. Аргентинада күч сынашчу КР спортчулары

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүОлимпиада оюндарынын желеги. Архив
Олимпиада оюндарынын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
6-октябрда Аргентинанын борбору Буэнос-Айрес шаарында башталган III жаштар олимпиадалык оюндары 18-окттябрда жыйынтыкталат.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Аргентинанын борбору Буэнос-Айрес шаарында бүгүн, 6-октябрда, башталчу III жаштар олимпиадалык оюндарына катышуу үчүн Кыргызстандан 13 спортчу жөнөп кетти. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргызстандыктар жеңил атлетика, стритбол, фехтование, дзюдо, сууда сүзүү, грек-рим күрөшү жана спорттун заманбап беш түрү боюнча мөрөй талашмакчы.

Спортчулардын тизмеси:

Элмирбек Садыров — грек-рим күрөшү (КР командасынын капитаны);

Ева Кадырова — жеңил атлетика;

Нурбек Айданбек уулу (КР туусун көтөрүп чыгат), Сыймык Эсеналиев, Денис Геращенко, Нурсултан Лугмазов — баскетболдун 3х3 стритбол түрү боюнча курама команда;

Хасан Баудунов — фехтование;

Шахида Нармухамедова — дзюдо;

Султан Жеңишбеков — дзюдо;

Екатерина Тарева — спорттун заманбап беш түрү;

Айдар Кенжебаев — спорттун заманбап беш түрү;

Денис Петрашов — сууда сүзүү;

Владислав Шулико — сууда сүзүү.

Оюндардын кыскача тарыхы

Оор атлетчи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык төрт спортчу Индонезиядагы Параазия оюндарына катышат
Эл аралык олимпиада комитети (ЭОК) олимпиадалык кыймылды өспүрүмдөр, жаштар арасында кеңири жайылтуу, жаш таланттарды атаандаштыкка даярдоо максатында төрт жылда бир ирет жаштар олимпиадасын өткөрүү демилгесин көтөрүп чыккан. Бирок бул иш-чаранын башаты деп 1998-жылы Москвада өткөн Бүткүл дүйнөлүк өспүрүмдөр оюндарын атасак жарашат. Ал жылы 11-июлдан 19-июлга чейин Москва шаары 140 мамлекеттин жаш спортчуларын кабыл алып, спорттун 15 түрү боюнча өспүрүмдөрдүн биринчи оюндарын өткөргөн. Мелдешке 14 жаштан 16 жашка чейинки курактагы 4676 спортчу 162 комплект байге үчүн күч сынашкан. КР делегациясын Улуттук олимпиада комитетинин ошол учурдагы президенти Эшим Кутманалиев баштап барган. Грек-рим күрөшүндө 14 жаштагы Данияр Көбөнов коло байге утса, Канатбек Бегалиев коло медаль үчүн таймашта утулуп, бешинчи орун менен чектелген. Экинчи оюндарда грек-рим күрөшүнөн Жанарбек Кенжеев алтын медаль тагынып, чемпион аталган.

2010-жылкы Сингапурдагы I жаштар олимпиадасы. 1 алтын, 2 коло байге

2010-жылы Сингапурда олимпиадалык таймашуулар 14-августта башталып, 26-августка чейин созулган. Ага 204 өлкөдөн 14 жаштан 18 жашка чейинки 3531 жаш атлетчилер катышып, спорттун 26 негизги олимпиадалык түрлөрү боюнча күч сынашкан. Жаштардын алгачкы олимпиадасына Кыргызстандан 8 спортчу жана 6 устат барган.

Как чемпиона мира по борьбе Бакирова встретили родители и фанаты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Кубанган эне чемпион уулу Эрбол Бакировду бетинен сүйүп, бооруна кысты. Видео
Оюндарынын ачылыш аземинде Кыргызстандын туусун дзюдочу Болотбек Токтогонов көтөрүп чыккан. Таймашта грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону Урмат Аматов 58 килограмм салмакта украиналык Александр Литвиновду утуп алтын медаль тагынган. Грек-рим күрөшү боюнча Шадыбек Сулайманов менен дзюдочу Болотбек Токтогонов коло медаль жеңип келген.

Кыргызстан бир алтын, эки коло медалдык көрсөткүч менен 204 өлкөнүн ичинен 46-орунду ээлеп, медалдардын саны боюнча Швейцария, Греция жана Тажикстан сыяктуу өлкөлөрдөн алдыга озуп чыккан.

Кытайдын Нанкин шаарындагы II жаштар олимпиадасы

Экинчи жаштар олимпиадасы Кытайдын Нанкин шаарында 2014-жылы 16-28-август күндөрү өткөн. 201 өлкөдөн келген 14 жаштан 18 жашка чейинки 3 600 спортчу спорттун 28 түрү боюнча 222 комплект байге үчүн ат салышкан.

Бул оюндарда Кыргызстандын намысын 6 спорттун түрү боюнча 7 спортчу коргогон. Оюндардын салтанаттуу ачылыш аземинде Кыргызстандын желегин оор атлетчи Курсант Төлөнов көтөрүп чыккан. Нанкинден жалгыз гана Ростислав Дашков дзюдо боюнча мелдеште күмүш байгенин ээси болуп келген.

Аргентина III жаштар олимпиадасынын отун жандырат

Борец греко-римского стиля из Кыргызстана Эрбол Бакиров - Sputnik Кыргызстан
Депутаттын уулу! Дүйнө чемпиону Эрбол Бакиров тууралуу 5 факты
Быйыл бул оюндарга 206 өлкөдөн 4 миңдей жаш спортчу катышып, спорттун 36 түрү боюнча күч сынашары маалым. Бул ирет спорттук мелдеш түрлөрүнө акробатика, спорттук аскага чыгуу, каратэ-до, брейк-дансинг, роллеспорт, кайык слалому сыяктуу жаңы түрлөр кошулду. Мындан тышкары, чоң футболдун ордуна футзал, гандболдун ордуна көл жээгиндеги гандбол, баскетболдун ордуна 3х3 стритбол, кыздар боксу, велоспорттун түрлөрү боюнча таймаштар болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0