Кыргызстандык кыздар Шахмат боюнча дүйнөлүк олимпиададан алтын медаль утушту

Кыргызстандык шахматчы кыздар дүйнөлүк олимпиададан алтын утуп кайтышты

297
(жаңыланган 20:02 07.10.2018)
Кыргызстандан барган шахматчылар топтук системадан озуп чыгышкан.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кыргызстандык кыздар Шахмат боюнча дүйнөлүк олимпиададан алтын медаль утушту. Бул туурасында Кыргызстандын Шахмат федерациясынан билдиришти.

Турнир Грузиянын Батуми шаарында сентябрдын аягында башталып, кечээ 5-октябрда аяктады. Ага жалпы жонунан кыз-келиндердин 150 командасы катышкан.

Кыргызстандыктар өз тобунан эң көп упай алып (11 турдан 13 упай) алтын медаль тагынышкан.

Ата Мекендик шахматчылардын курамы:

— Бегимай Замирбек кызы;
— Диана Өмүрбекова;
— Александра Самаганова;
— Шаадат Момуналиева;
— Зарина Усупбекова.

297
Белгилер:
шахмат, олимпиада
Тема боюнча
Ракты жеңген балдар Жеңүүчүлөрдүн дүйнөлүк оюнунан 7 медаль утуп келди. Видео
Эл акча чогултуп дүйнөлүк олимпиадага узаткан окуучу кыз 1-орунду утту