Актилек Жумабек уулу. Архивдик сүрөт

WEF: Актилек Жумабек уулу чемпиондук наам үчүн кармашат. Атаандашы ким?

260
(жаңыланган 09:51 08.10.2018)
Жумабек уулу ММА чөйрөсүндө 12 ирет утуп, беш жолу утулса, ал эми атаандашы 7 мелдеште тең бир да жолу жеңилүү ызасын тарткан эмес.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Мушкер Актилек Жумабек уулу WEF турниринде Япониянын аралаш мушташ боюнча лигасынын чемпиондук наамы үчүн кармашат. Бул туурасында WEF федерациясынын Instagram тармагындагы расмий баракчасында айтылат.

Эскерте кетсек, 10-ноябрда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында кыргызстандык WEF федерациясы япониялык REAL FIGHT ARZALET FGC уюму менен биргеликте ММА беттешин өткөрөт.

Файткарддагы болжолдуу маалыматка ылайык, өлкө атынан Актилек Жумабек уулу, Самат Эмилбеков, Алтынбек Мамашев, Ариет Бекишев өңдүү мушкерлер катышат.

Чемпиондук наам үчүн Актилек Жумабек уулу бразилиялык Маргос Соуза менен беттешет. Соуза ARZALET FGC уюмунун учурдагы чемпиону. Мушкерлер жеңил салмакта (77 кг) күч сынашат.

"Актилек WEF Global уюмунун чемпиону. Андыктан утулган учурда наамынан ажырабайт. Себеби чет элдик лиганын биринчилиги үчүн ат салышып жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Жумабек уулу ММА чөйрөсүндө 12 ирет утуп, беш жолу утулса, атаандашы Соуза жети мелдеште тең жеңилүү ызасын тарткан эмес.

260
Белгилер:
кур, чемпион, атаандаштык, турнир, WEF, Актилек Жумабек уулу
Тема:
WEF Global 14 жана Arzalet FCG турнири (16)
Тема боюнча
Айласыздан залдагы байкени "доктур" кылып алган. Өлкөдөгү спорт медицинасынын кейпи
WEF жетекчиси Кыдырмышев: бир телефондук чалуу үчүн 20 миң долларга сынгам
Зарыктырган беттеш болду! Шевченконун атаандашы алмашып кетти
Токмок жеген мушкер үчүн кечирим сурадым. Рефери Мирбек Буларкиевдин маеги
Кыргызстандык дзюдочу Владимир Золоев. Архив

Дзюдочу Владимир Золоев Олимпиада оюндарына жолдомо утту

32
(жаңыланган 16:06 23.06.2021)
Спортчу 2018-жылдан тарта 12 турнирге катышып, жалпы 2 380 упай топтоп, натыйжада жолдомо алуу мүмкүнчүлүгү жаралган.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Кыргызстандык дзюдочу Владимир Золоев Токиодо өтө турчу XXXII жайкы Олимпиада оюндарына лицензия жеңип алды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.

Ага ылайык, спортчу 2018-жылдан тарта 12 турнирге катышып, жалпы 2 380 упай топтоп, натыйжада жолдомо алуу мүмкүнчүлүгү жаралган.

Белгилей кетсек, Владимир Золоев Азия жана Океаниянын учурдагы чемпиону. Килемде 81 килограмм салмактагылар арасында күч сынашат.

Токио Олимпиадасы

Мелдеш 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өтөрү пландалган. Япониянын борборунда жай айында өтүүчү оюндар чет элдик көрөрмансыз өтөт. Ага 200дөн ашуун мамлекеттин спортчулары катышары күтүлүп жатат.

Кыргызстандан маанилүү оюнга учурда 16 спортчу жолдомо утту. Тагыраагы, балбандар Атабек Азисбеков, Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Эрназар Акматалиев, жөө күлүктөр Мария Коробицкая, Дарья Маслова жана Юлия Андреева, суучул Денис Петрашов ок атуу боюнча Каныкей Кубанычбекова, оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков, дзюдочу Владимир Золоев, фехтование боюнча Роман Петров алды. Ошондой эле Параолимпиададан алгачкы лицензияны ядро ыргытуу спортунун чебери Арстанбек Базаркулов багындырган.

32
Белгилер:
жолдомо, спорт, дзюдо, Олимпиадалык оюндар, Владимир Золоев, Кыргызстан
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Кыргызстандык оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков Олимпиадага лицензия алды. Сүрөт
Ок атуу спорту боюнча Каныкей Кубанычбекова Олимпиадага жолдомо алды

Согончогу менен гол киргизген футболчу. Бразилияда тартылган видео

93
(жаңыланган 10:32 23.06.2021)
Бразилиядагы футбол боюнча чемпионатта "Фламенго" жана "Брагантино" командаларынын ортосундагы мелдештин бешинчи турунда футболчу топту дарбазага согончогу менен киргизди.

Өзгөчө топту оюндун 12-мүнөтүндө "Брагантино" командасынын коргоочусу Адерлан де Лима Силва киргизген. Айып талаадан берилген топту дарбазанын тушунан согончогу менен тээп гол жараткан.

Оюн "Брагантино" командасынын пайдасына 3:2 эсеби менен аяктаган. Акыркы голду аталган команданын футболчулары соңку мүнөттөрдө киргизишкен.

30 жаштагы Адерлан де Лима Силва команданын оң жактагы коргоочусу. Ал 2021-жылы клуб менен эркин агент катары келишим түзгөн. Ага чейин "Брагантино" командасында макулдашуунун негизинде маал-маалы менен ойночу.

93
Белгилер:
видео, гол, чемпионат, Бразилия
Тема боюнча
Башын мыкчып... Гаитинин дарбазачысы өзүнө гол киргизип алган видео
Бишкектеги эл аралык Манас аэропортундагы ПЦР лабораториясы. Архив

"Манас" аэропортундагы ПЦР-лаборатория күнү-түнү иштей баштады

0
(жаңыланган 20:08 23.06.2021)
Лаборатория июндан тарта иштей баштаган. Тест тапшыра турган жарандар аэропортко 5-6 саатка эртерээк келиши керектиги айтылды.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортундагы коронавирусту аныктоочу ПЦР-лаборатория күнү-түнү иштей баштады. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматы кабарлады.

Лаборатория ачылгандан бери (1-июнь) ПЦР-тест эртең мененки саат 8:00дөн кечки 18:00гө чейин жасалып келген. Ошондой эле "COVID жок саякаттайм" программасына катышкан.

Тесттин жыйынтыгын amsbiolab.kg сайтынан табууга болот. Же болбосо "Манас" аэропортунун 1-кабатынан үч тилде кагазга чыгартып алса дагы жарайт.

"Манас" аэропортуна түштүк кореялык корпорация ПЦР-лаборатория ача турганы 21-майда белгилүү болгон. Өкмөт башчы Улукбек Марипов менен жолуккан фирманын жетекчиси COVID-19га бир күндө 14 миң адам тест тапшыра аларын билдирген.

0
Белгилер:
ПЦР-тест, корпорация, Түштүк Корея, "Манас" эл аралык аэропорту
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Вакцинадан баш тартуу COVID-19дун организмде мутацияланышын шарттайт
COVID: Марипов министрлер кабинетинин кезексиз жыйынын өткөрмөй болду