Хабибге эмне үчүн дароо кур тагылган жок? Беттештен кийинки жаңжалдын себеби

© AP Photo / John LocherТурнир UFC 229 в Лас-Вегасе. Хабиб Нурмагомедов — Конор Макгрегор
Турнир UFC 229 в Лас-Вегасе. Хабиб Нурмагомедов — Конор Макгрегор - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нурмагомедов октагондон чыгып кеткендиги үчүн UFC президентинен эскертүү алган.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Хабиб Нурмагомедов атаандашы Конор Макгрегорду уткандан кийин абалды курчутуп жибергенин Sports.ru басылмасы жазып чыкты.

UFC 229 турнири россиялык Нурмагомедов үчүн жемиштүү болду. Ал ирландиялык Макгрегорду муунтуу ыкмасын колдонуп, төртүнчү раундда утуп алган. Мушкерлер уюмдун жеңил салмактагы чемпиондук наамы үчүн кармашты.

Беттештен кийин жаңжал чыгып кеткен.

Белгилүү UFC мушкери Хабиб Нурмагомедовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Күзөтчү болуп кете жаздап... Хабиб Нурмагомедов тууралуу 10 факты
​Маалым болгондой, Нурмагомедов октагондон секирип барып, таймаш учурунда беделине шек келтирген Макгрегордун спарринг-өнөктөшү Диллон Дэниске жулунган. Бул убакта Макгрегор Нурмагомедовдун досу Зубайра Тухугов менен мушташам деп атырылган. Окуяны полиция кызматкерлери жөнгө салды.

Жаңжалдан кийин Нурмагомедов UFC президенти Дана Уайттан октагондон чыгып кеткендиги үчүн эскертүү алган. Регламенттин шарты боюнча ал беттеш аянтын таштап кетпеши керек болчу.

Мындан улам UFC өкүлдөрү Нурмагомедовго дароо чемпиондук курду таккан эмес. Мушкер залдан чыккандан кийин алып баруучу аны чемпион деп жар салды.

Ал эми уюмдун президенти Дана Уайт мындай чечимди туура эле кабыл алганын белгиледи. Анын айтымында, Хабибге октагон ичинде кур тагылса, окуя куртчуп кетмек.

Жаңылыктар түрмөгү
0