Криштиану Роналду дагы бир кызды зордуктаганы айтылды

© REUTERS / Alberto LingriaНападающий ФК "Ювентус" Криштиану Роналду
Нападающий ФК Ювентус Криштиану Роналду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабырлануучу Лас-Вегастын полициясына кайрылганы жатат.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Дагы бир аял португалиялык футболчу Криштиану Роналду аны зордуктап койгонун айтып чыкты. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы америкалык Кэтрин Майоргинин адвокаты Лесли Стоваллга шилтеме берип жазды.

Белгилей кетсек, буга чейин футболчу америкалык Кэтрин Майорганы кордогон деп айыпталган болчу.

"Мага бир аял чалып, ал дагы Роналдунун курмандыгы болгонун айтып берди", — деди Стовалл.

Ал ошондой эле жабырлануучу болгон окуяны Майоргинин арызын иликтеп жаткан Лас-Вегастын полициясына айтып берерин белгилеген. Адвокат курмандыктын атын атоодон баш тартты.

Кыргызстандын футбол курама командасынын оюнчулары машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Оюндардын жоктугу КР курамасынын FIFA рейтингине кандай таасир этет
Эске салсак, Spiegel журналы америкалык Кэтрин Майорганын Роналду тарабынан зордукталганын жабырлануучунун оозунан жазып алган. Аталган басылма 2017-жылы да португалиялык футболчу мындан сегиз жыл мурун кыз зордуктаган деп айыпталганын кабарлаган.

Spiegel маалымдагандай, 2010-жылдын январь айында Роналду тарап жабырлануучуга 375 миң доллар төлөп берген. Алардын сотко чейинки келишимине ылайык, тараптар окуянын чоо-жайын эч кимге айтпай, айыптоолорунан баш тартуусу керек болгон.

Кийин Роналдунун адвокаты жарыяланган макала үчүн Spiegel басылмасын сотко бере тургандыгын жар салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0