Кыргызстандык UFC мушкери Валентина Шевченко. Архив

Шевченко мурдагы атаандашы Енжейчик менен эле беттешмей болду

88
(жаңыланган 14:52 11.10.2018)
UFC мушкерлер уюму ноябрь, декабрь айларында өтө турчу турнирлердеги башкы кармаштарды тизмектеди.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Валентина Шевченконун ноябрда өтө турчу беттеши кийинки айга жылганын MMA Fighting басылмасы жазып чыкты.

Америкалык Сиджара Юбэнксти уюм кыргызстандык спортчу менен беттешүүгө тажрыйбасы аздык кылат деген себеп менен турнирге чыгаруудан баш тарткан. Эми Шевченко мурда айтылган польшалык атаандашы Жоанна Енжейчик менен кармашат.

​Эске сала кетсек, Енжейчик ноябрдагы беттешке даяр эместигин айтып Шевченко менен беттешүүдөн баш тарткан болчу.

UFC мушкерлер уюму ноябрь, декабрь айларында өтө турчу турнирлердеги башкы беттештерди бөлүштүрдү.

Нью-Йоркто өтө турчу UFC 230 юбилейлик турниринин башкы кармашында кыргызстандык спортчу менен Юбенкс жолукмак, эми алардын ордуна чоң салмактагы мушкерлер Даниэль Кормье менен Деррико Льюис мелдешет.

Шевченконун чемпиондук наам үчүн кармашы UFC 231 турнирине жылдырылып, мурда беттеше турчу атаандашы Жоанна Енжейчик менен күч сынашат. Спорттук иш-чара 8-декабрда Торонто шаарында өтөт.

Валентина Шевченко алтын кур үчүн 8-сентябрда Далласта UFC 228 турниринин алкагында америкалык Никко Монтано менен беттеш өткөрмөк. Мелдешке бир күн калганда Монтано ооруканага түшкөн.  Бирок атаандашынын мындай абалын Шевчкенко кармаштан атайылап баш тарткандык деп баалаган. Көп өтпөй UFC уюму Монтанону наамынан ажыраткан.

88
Белгилер:
чемпион, атаандаштык, турнир, UFC, Валентина Шевченко
Тема боюнча
Шевченкодон утулуп калган Кечоейра операцияга даярданып жатат
Зарыктырган беттеш болду! Шевченконун атаандашы алмашып кетти
Пикирлер