Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов. Архив

Акчам тамагыңарга тыгылып калбасын! Нурмагомедов UFC уюмун катуу сындады

2114
(жаңыланган 14:16 13.10.2018)
Спортчу атаандашы Мокгрегордун командасы жазаланбаганына нааразы болууда.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFC уюмун сынга алып, аны менен келишимди үзүп салышы мүмкүн экенин айтты. Спортчу билдирүүсүн 11-октябрь күнү өзүнүн Instagram баракчасына жарыялаган.

Мушкер буга чейин Конор Макгрегордун командасы автобуска кол салып, эки адам жаракат алганда UFC эч кимди жумуштан кетирбегенине нааразы болууда.

"Алар ошол жерден бирөөнү өлтүрүп алышы мүмкүн эле. Эмнеге менин мекениме, туткан диниме, улутума, үй-бүлөмө карата орой сөздөр айтылып жатканда эч ким унчукпайт? Эмнеге эки тарап бирдей мушташып жатса, менин гана командам жооп бериши керек. Урушту мен баштаган жокмун. Мен башталган нерсени гана аягына чыгардым", — деп жазды Нурмагомедов.

Анын айтымында, досу Зубайра Тухугов октагондо Макгрегорго кол салгандыгы үчүн UFC анын таймашын токтотуп салган.

"Эгер мени унчукпай отуруп калат десеңер, жаңылышасыңар. Зубайраны Конорго кол көтөргөндүгү үчүн жумуштан айдаганы жатасыңар. Конор өзү менин башка досумду биринчи чаап жибербеди беле. Эгер аны кетире турган болсоңор, мага дагы келишимди жокко чыгарган документтерди жөнөткүлө. Болбосо аны мен өзүм жок кылам. Анткени бизде, Россияда эч ким жакын адамдарын ара жолго таштабайт", — деди спортчу.

Ошондой эле ал мелдештен кийин UFC бербей койгон 2 миллион доллар сый акысын "өзүңөр ала бергиле" деген оюн айтты.

"Байкагыла, ошол акча тамагыңардан өтпөй калбасын", — деген сөздөр менен Нурмагомедов постун аяктады.

Эскерте кетсек, Хабиб Нурмагомедов Лас-Вегаста өткөн UFC 229 турниринин башкы беттешинде Конор Макгрегорду муунтуу ыкмасы менен утуп алган. Таймаштан соң россиялык мушкер октагондон секирип түшүп, атаандашынын спарринг-өнөктөшү Диллон Дэниске кол салган. Ал эми тор ичинде Макгрегорго Хабибдин досу Зубайра Тухугов менен агасы Абубакар кол көтөргөн.

Мындан соң UFC президенти Дана Уайт уюмдун мушкер Зубайра Тухугов менен түзүлгөн келишими калыбына келгис болуп бузуларын айткан.

2114
Белгилер:
келишим, Дана Уайт, Хабиб Нурмагомедов
Тема:
Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун беттеши (43)
Тема боюнча
Нурмагомедов Дана Уайттын унаасын талкалайм деп "коркутту"
Хабибдин атасы: уулумду UFC уюмунан да катуу жазалайм
Беш түр салмак категорияда чемпион болгон Флойд Мейвезер. Архивдик сүрөт

Мейвезер полициянын колунан каза тапкан Флойддун зыйнатын көтөрөт

121
Атактуу боксчунун өкүлүнүн айтымында, Мейвезер Жордж Флойддун үй-бүлөсү менен сүйлөшүп, зыйнатына кетчү каражатты төлөп бермей болгон.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Беш түр салмак категорияда чемпион болгон Флойд Мейвезер Миннеаполисте полициянын одоно аракетинен каза тапкан Жордж Флойдду акыркы сапарга узатуу зыйнатына кеткен каражатты көтөрүп берет. Бул тууралуу ESPN телеканалы боксчунун өкүлү Леонард Эллербеге шилтеме берип жазды.

"Ал (Мейвезер) сөөк коюу иш-чарасынын каражатын төлөп берет. Флойддун үй-бүлөсү менен бул тууралуу сүйлөшкөн, алар сунушту кабыл алган. Мунун баарын айтып жатканым үчүн кыжырданышы мүмкүн. Бирок ал мындай иштерди 20 жылдан бери кылып келет", — деп билдирген спортчунун өкүлү.

Эллербе бул иштерди жасоо менен боксчу өзүнө упай топтоону көздөбөй турганын белгилеген.

Мейвезер буга чейин, 2011-жылы, 45 жашында рактан каза болгон боксчу Генаро Эрнандестин акыркы сапарга узатуу чыгымын төлөп бергени айтылат. Мейвезер биринчи чемпиондук наамын 1998-жылы Эрнандести жеңип алгандан кийин тагынган.

Америкалык кара түстүү жаран Жордж Флойд 25-май күнү каза болгон. Интернетте полиция кызматкерлери афроамерикалык адамдын колуна кишен салгандан кийин жыгып, үчөөлөп басып калган видео тараган. Бирөөсү моюндун күрөө тамыр өткөн бөлүгүн тизеси менен кысып, басып турат. Флойддун бир нече жолу "дем ала албай жатам" деп айтып, андан кийин тынчып калганын көрүүгө болот.

Афроамерикалык жарандын өлүмүнөн кийин АКШда өткөн жумадан тарта нааразычылык акциялары башталып, ал башаламандыкка айланып кетти. Бир нече шаарга коменданттык саат киргизилип, полиция кызматкерлери тартипке көз салганы менен башаламандыктын аягы сууй элек. Ири шаарларда дүкөндөр талкаланып, мародерлук күч алганын ЖМКлар жазып жатышат.

Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп башаламандыкты террорчулук деп сыпаттаган.

46 жаштагы Жордж Флойдду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-июнда өзү туулуп-өскөн Хьюстон шаарында болот.

121
Белгилер:
каражат, зыйнат, өлүм, Жорж Флойд, Флойд Мейвезер, АКШ
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык
Тема боюнча
АКШ полициясы ЖМК өкүлү экенин билип туруп Sputnik продюсерине ок чыгарды
АКШ: полиция кызматкерлери нааразылыкка чыккандардын алдында тизелеген видео
Кыргызстандык UFC мушкери Антонина Шевченко. Архив

Антонина Шевченконун соңку беттешинде алган гонорары айтылды

439
Узаган жумадагы UFC турниринде кыргызстандык мушкер Антонина Шевченко америкалык Кэтлин Чукагян менен кармашып, утулуп калган.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Невада штатынын Атлетикалык комиссиясы UFC on ESPN 9 турнирине катышкан спортчулардын гонорары тууралуу маалымат таратканын MMA Fighting басылмасы жазды.

Спорттук иш-чара узаган аптада Лас-Вегастагы UFC Apex аренасында болду.

Беттеште Антонина Шевченко америкалык Кэтлин Чукагян менен кез келип, калыстардын бирдей чечими менен жеңилип калган. Каршылашы беттештин жүрүшүндө көбүрөөк үстөмдүк кылды.

Турнирдин башкы беттешинде 77 килограмм салмактагылар арасында мурдагы чемпион Тайрон Вудли менен Гилберт Бернс беттешип, үч раунддун жыйынтыгы менен жеңиш Бернске буюрду.

Жарыяланган маалыматтар боюнча, Шевченко акыркы кармашы үчүн 35 миң доллар алган. Анын атаандашы бул турнирде эң көп гонорар алгандардын бири болгон. Сый акысынын көлөмү 120 миң долларды (беттешкени үчүн 60 миң доллар, ушунча эле каражат жеңиш үчүн) түзөт.

Турнирде эң көп акча алган мушкер Гилберт Бернс болуп, 218 миң долларга ээ болду. Ушул сумманын 84 миң доллары беттешкени менен жеңишке жеткени үчүн, 50 миңи болсо мыкты кармаш тартуулаганы үчүн берилген.

Мурдагы чемпион Тайрон Вудли 200 миң доллар тапкан. Эгер ал жеңишке жетсе, 350 миң доллар алмак.

439
Белгилер:
сый акы, гонорар, беттешүү, Антонина Шевченко, UFC
Тема боюнча
Антонина Шевченко Лас-Вегастагы UFC турниринде жеңилип калды. Видео
Мындан да күчтүү болуп кайтам! Бети-башы көгала Антонина үн катты

Нью-Йоркто акцияга чыккандар камалууда. Видео

0
АКШда башаламандык афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин башталып, бир катар мамлекеттерге жайылды.

Нью-Йорк полициясы АКШдагы полициянын зомбулугуна нааразы болуп, акцияга чыккандардын арасынан 60 кишини камакка алды. Полиция департаментинин жетекчисинин айтымында, кармалгандар коменданттык сааттын эрежесин бузушкан.

Ал тартип сакчылары мыйзамдын бузулушуна жол бербей турганын айтып, шаар тургундарынын коопсуздугу үчүн бардык кадамдарга барарын белгиледи.

0
Белгилер:
башаламандык, Жорж Флойд, Нью-Йорк, АКШ, полиция
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык
Тема боюнча
Мен — Жорж Флойдмун. АКШдагы акциялар дүйнөгө жайылды. Видео
Унчукпай кутулушту. Ак үйдү митингчилерден кайтарган аскерлердин видеосу
Кайрадан орустар. АКШдагы козголоңго Москваны айыптоо кимге зарыл?