Махмудов менен Тыныбекова дүйнө чемпионатына катышпайт. Кимдер барат?

© Sputnik / Табылды КадырбековЧемпионат Азии по борьбе во Дворце спорта в Бишкеке
Чемпионат Азии по борьбе во Дворце спорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын атынан жалпысынан 12 балбан күч сынашат. Спортчуларды төрт машыктыруучу жана бир рефери коштоп барат.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Кыргызстандын күрөш боюнча курама командасы чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатына катыша турганын редакцияга аталган федерациядан кабарлашты.

Мелдеш 20-28-октябрь күндөрү Венгриянын Будапешт шаарында өтөт. Кыргызстандын атынан жалпысынан 12 балбан катышат. Спортчуларды төрт машыктыруучу жана бир рефери коштоп барат.

Грек-рим күрөшүнөн:

Жоламан Шаршенбеков — 55 килограммга чейин;

Калы Сулайманов — 60 килограммга чейин;

Урмат Аматов — 63 килограммга чейин;

Амантур Исмаилов — 67 килограммга чейин;

Кайрат Түгөлбаев — 77 килограммга чейин;

Атабек Азисбеков — 82 килограммга чейин;

Бексултан Махмудов — 97 килограммга чейин.

Башкы машыктыруучу — Азат Эркимбаев

Машыктыруучу — Улугбек Карачолоков

Рефери — Мэйрамбек Ахметов

Эркин күрөштөн:

Улукбек Жолдошбеков — 61 килограммга чейин;

Эламан Догдурбек уулу — 70 килограммга чейин;

Магомед Мусаев — 97 килограммга чейин;

Машыктыруучу — Сүймөнкул Таабалды уулу.

Кыз-келиндер арасындагы күрөштөн:

Мээрим Жуманазарова — 68 килограммга чейин;

Айпери Медет кызы — 76 килограммга чейин;

Машыктыруучу — Нурбек Изабеков.

Жаңылыктар түрмөгү
0