Россиялык ММА мушкери Хабиб Нурмагомедовтун архивдик сүрөтү

Макгрегор реванш үчүн Нурмагомедовго 15 млн. доллар сунуштадыбы? Хабибдин жообу

5521
(жаңыланган 21:36 17.10.2018)
Хабиб кийинки беттешин Макгрегор менен эмес Фергюсон менен өткөрүп, андан ары карьерасын жыйынтыктоону ойлоп жаткандыгын билдирген.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Россиялык ММА мушкери Хабиб Нурмагомедов ирландиялык Конор Макгрегор менен реванштык беттеш өткөрүүдөн баш тартты. Бул туурасында спортчунун агасы Алекс Нурмагомедов "Спорт-Экспресс" басылмасына берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды. 

Нурмагомедовдун агасы Макгрегор реванш беттеш үчүн 15 миллион доллар сунуштаганын айткан.

"Конор Хабибди кызыктырбайт. Ал эч кандай акча үчүн беттешке чыкпайт. Ооба, билем, алар Хабибге реванш сунуштап жатышат. Алар макул болсо эле баштапкы сый акысын 15 миллион доллар кылып беребиз дешүүдө. Бирок Хабиб "жок" деп жооп узатты. Конор кааласа кезекке турсун, кааласа башка мушкерлер менен күч сынаша берсин. Хабиб болсо Фергюсон менен мелдешип, андан ары карьерасын жыйынтыктоону ойлоп жатат", — деген ал.

6-октябрда Лас-Вегаста өткөн турнирде Нурмагомедов Макгрегорду муунтуу ыкмасы менен утуп, UFC уюмунунун жеңил салмактагы чемпиондук наамын коргоп калган.

Кармаштан соң Конор социалдык тармактагы баракчасында Хабиб менен реванш өткөрүүнү ойлоп жатканын билдирген. 

Нурмагомедов учурда белгилүү боксчу Флойд Мейвезер менен мелдешүүнү пландап жатат, бирок беттеш Лас-Вегаста өтүшүн каалабай турганын билдирген. 

5521
Белгилер:
беттешүү, реванш, доллар, UFC, Конор Макгрегор, Хабиб Нурмагомедов
Тема:
Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун беттеши (43)
Тема боюнча
Нурмагомедов Мейвезер менен Лас-Вегаста мушташуудан баш тартты
Нурмагомедов боксчу Мейвезерди беттешке чакырды. Видеокайрылуу
Конор Макгрегор жеңилгенден кийин үн катты

Шевченко менен Чукагян көз караштар таймашына бет капчан чыкты. Видео

114
(жаңыланган 20:32 30.05.2020)
31-майга караган түнү Антонина Шевченко менен Кэтлин Чукагян беттешет. Спортчулар бүгүн көз караштар таймашын өткөрүштү.

Кыргызстандык мушкер кыздын беттеши Бишкек убактысы боюнча саат 6.30 менен 7.30дун ортосунда болот. Алардан кийин кеченин башкы беттеши өтүп, Тайрон Вудли менен Гилберт Бернс кармашат.

Мелдеште бир эле мушкердин эже-сиңди Шевченколор менен удаа беттешип жатканы тарыхта боло элек болчу. UFC уюмунун бул турниринин өзгөчөлүгү да ушунда. Эскерте кетсек, ушул жылдын февраль айында өткөн акыркы таймашында Чукагян Валентина Шевченкого техникалык нокаут менен утулуп калган.

114
Белгилер:
Антонина Шевченко, беттешүү, UFC, бет кап, таймаш
Тема боюнча
Баштадым! Валентина Шевченконун маңдайы жарыла сүйүнгөн сүрөтү
Мени "тыңчы" атагандардын оюн билем. Лас-Вегастагы Валентина Шевченко менен маек
Балдар футбол боюнча тренировкада. Архив

Балаңыз спортко шыктуубу? Мамагенттик сынак жарыялап, шартын түшүндүрдү

158
Балдардын спорттук өнөрүн тартуулаган видеолор 7-июнга чейин кабыл алынып, эртеси тандалгандар добушка коюлат. Ага жети жаштан он төрт жашка чейинкилер катышат.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги Балдарды коргоо күнүнө карата "Чымыр денелүү балдар" сынагын жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Cынакка 7 жаштан 14 жашка чейинки өлкө аймагында жашап жаткан балдар катыша алат.

Конкурска катышуу үчүн баланын спорттук өнөрлөрүн чагылдырган 5 мүнөткө чейинки видеону тартуу керек. Андан кийин роликти жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн сүрөтүн Telegram 0777 12-85-00 номерине жөнөтүү зарыл.

Видео 7-июнга чейин кабыл алынып, 8-июнда тандалган видеолор Мамагенттиктин @sport.gov.kg Instagram баракчасына жүктөлөт. Ал жактан эл жаккан видеого лайк басып, катышуучуга добуш бере алат.

15-июнда добуштар (лайктар) саналып, анын негизинде өлкөнүн эң чымыр денелүү балдары төмөнкү номинацияда аныкталат:

  • кыздар жана балдар арасында;
  • ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген кыздар жана балдар арасында.

Жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылат. Кошумча маалымат алуу үчүн 0312 32-53-02, 0312 62-52-15 номерлерине чалып, же aijanyl112@mail.ru электрондук дареги аркылуу кайрылууга болот.

158
Белгилер:
видео, сынак, балдар, спорт
Тема боюнча
Жайкы каникулда балдар айылга кантип барса болот? Министрликтин түшүндүрмөсү
Ошко 30-майда Урал авиакаттамдары авиакомпаниясынын Екатеринбург — Ош рейси менен 233 кыргызстандык жаран учуп келди.

Ошко Екатеринбургдан 233 кыргызстандык кайтып келди

0
(жаңыланган 21:15 30.05.2020)
Келген бардык жарандар медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга белгиленген тартипте жайгаштырылды.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Ошко 30-майда "Урал авиакаттамдары" авиакомпаниясынын Екатеринбург — Ош рейси менен 233 кыргызстандык жаран учуп келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматта авиакаттам дүйнөдө коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралардын убактылуу жабылышынан улам чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында жүзөгө ашырылды.

"Бул каттам менен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, оор илдети барлар, улгайган курактагы адамдар, кош бойлуу жана жаш балалуу энелер, турмуштук оор кырдаалдагы жарандар мекенине кайтарылды. Жүргүнчүлөрдүн тизмеси жарандардан келип түшкөн кайрылууларды, Урал федералдык округундагы шаарлардын жана аймактардын кыргыз диаспораларынын сунуштарын эске алуу менен түзүлгөн. Ошондой эле "Урал авиакаттамдары" компаниясынан мурда билет сатып алгандар кирди", — деп айтылат билдирүүдө.

Келген бардык жарандар медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга белгиленген тартипте жайгаштырылды.

0
Белгилер:
эпидемия, коронавирус, мекендештер, каттам, Кыргызстан, Ош, Екатеринбург
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бишкекке Филиппин жана Түштүк Кореядан 58 жаран кайтып келди