Ошто көк бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКөк бөрү улуттук ат ойуну. Архив
Көк бөрү улуттук ат ойуну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Байге фондусу — эки миллион сом.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Ош шаарында көк бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул туурасында Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов билдирди.

Ниязов тай казанга улак кучактап ыргыганда… Көк бөрү финалынан кызыктуу видео - Sputnik Кыргызстан
Ниязов тай казанга улак кучактап ыргыганда… Көк бөрү финалынан кызыктуу видео
Ал белгилегендей Кыргызстандын биринчилиги көп жылдан бери уюштурулбай калган. Мында Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас, Чүй, Ысык-Көл облустары жаана Бишкек, Ош шаарларынан түзүлгөн 9 команда күч сынашат.

Мелдештер Оштун "Төлөйкөн" ат майданында 29-октябрда башталып 3-ноябрга чейин созулат. Байге фондусу — эки миллион сом. Баш байге ээсине 500 миң сом ыйгарылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0