Нурмагомедов менен Мейвезер беттешеби? UFC жообу

© AP Photo / John LocherРоссиялык UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов. Архив
Россиялык UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Хабиб Нурмагомедов Флойд Мейвезерди беттешке чакырган.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Абсолюттук мушташ чемпионатынын (UFC) президенти Дэйна Уайт россиялык мушкер Нурмагомедов менен Флойд Мейвезердин (кичүүсү) беттеши туууралуу имиштерге көңүл буруп кереги жок дегенин ESPN жазды.

"Мейвезердин командасы бизге кайрыла элек. Андан сырткары, Хабибдин UFC менен азыр күчүндө турган келишими бар", — деген Уайт.

ММА мушкери Хабиб Нурмагомедов беш салмак категориясы боюнча чемпион Флойд Мейвезерди (кичүүсү) беттешке чакырган. Боксчу ага макул экендигин Instagram баракчасына жазып, россиялык спортчу менен Лас-Вегаста таймашууну сунуштаган. Бирок Нурмагомедов Конор Макрегор менен мушташтын гонорары төлөнө элек болгондуктан, бул шаарда кармашпай тургандыгын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0