Витилиго, аденома, парша, нанизм... Ак халатчандардын тилин чечмелейбиз

Жазылуу
Өмүрүндө бир да жолу ооруканага баш бакпаган киши азыр өтө сейрек болуш керек. Доктурга жок дегенде тиш каратканы кайрылабыз. Ак халатчандардын тилиндеги бир топ термин жөнөкөй кыргыз үчүн түшүнүксүз.

Ошол себептен айрым медициналык сөздөрдүн кыргызча маани-маңызын тизмектедик. Материалды даярдоого Кыргыз-орус славян университетинин профессору Аттокур Джапановдун "Медициналык орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүк" китеби жардам берди.

Ацтит — ичке толгон суу;Аденома — бездин бөтөнчө шишиги;

Акиез — тукумсуз адам;

Акардия — жүрөктүн тубаса жоктугу;

Гайморит — гаймор коңулунун кагынышы;

Гема — кан;

Гермафродит — кызтеке. Организмде айрым учурда эркектин да, ургаачынын да жыныс мүчөлөрүнүн болушу. Бул өтө сейрек кездешет. Гермафродитизмди дарылоо гормондук дарылар жана хирургиялык жол менен жүргүзүлөт;

Зев — алкым тешиги;

Мазок — сыйпам алуу. Микроскоп менен текшерүү үчүн айнектин бетине сыйпалган суюктук;

Импотент — урук мүчөсү шал киши;

Нанизм — эргежээл, кичинекей бойлуу киши;

Парша — таз, котур;

Радикулит — жүлүндөгү нерв талчаларынын сезгениши;

Рахит — балдардын итий оорусу;

Свищ — жаранын шишиги;

Энцефалит — мээнин сезгениши;

Шина — шакшак;

Липома — май тканынан пайда болуучу анчалык чоң эмес шишик;

Менингококк — мээ жана жүлүн челдерин сезгендирүүчү микроб;

Гонит — тизе муундарынын сезгениши;

Витилиго — ала. Териде пигментсиз ак тактарды пайда кылуучу оору;

Коньюктивит — көз челинин сезгенүүсү;

Гидропатия — суу менен дарылоо;

Биз буга чейин гинекологияга байланышкан сөздөрдү да чечмелегенбиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0