Жаштык кылып койдум... Балбан Жоламан Шаршенбеков менен эксклюзивдүү маек

© Фото / Facebook/ United World WrestlingКыргызстанский борец греко-римского стиля Жоламан Шаршенбеков во время схватки за золото со спортсменом из Азербайджана Алдани Азизлини в Будапеште
Кыргызстанский борец греко-римского стиля Жоламан Шаршенбеков во время схватки за золото со спортсменом из Азербайджана Алдани Азизлини в Будапеште - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын күмүш медаль ээси Жоламан Шаршенбеков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине эксклюзивдүү маек курду. Ал спорттогу ири бурулушу, жеңиштен кийинки сезимдери, үй-бүлөсү, машыктыруучусу жөнүндө айтып берди.

Белгилей кетсек, Шаршенбеков чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш медаль алган экинчи кыргыз балбаны. Биринчи жолу 2006-жылы Канатбек Бегалиев экинчи орунга ээ болгон.

19 жаштагы балбан грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери, КРдин көп жолку чемпиону. Быйыл февралда Бишкекте өткөн күрөш боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионатында күмүш байге алган. Кадеттер арасындагы дүйнө чемпионатында коло (2016), жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында (2017) күмүш медаль тагынган.

— Жоламан, азаматсың! 12 жылдан кийин тарыхты жаңыладың. Өзүң кандай абалда болуп жатасың, сезимдериң менен бөлүшө кетсең?

— Рахмат. Маанайым жакшы. Жараткандын буйругу… эч кайгырып, өкүнбөйм. Ушундай даражага жеткениме  шүгүр. Ата-энем, кыргыз элим сүйүнсө, ыраазымын.

© Фото / предоставлено Жоламаном ШаршенбековымГрек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында 55 килограмм салмакта күмүш медалга ээ болду
Кыргызстанский борец греко-римского стиля, серебряный призер чемпионата мира среди взрослых в Будапеште Жоламан Шаршенбеков - Sputnik Кыргызстан
Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында 55 килограмм салмакта күмүш медалга ээ болду

— Финалга чейинки кармаштарда атаандаштарыңды көп  упай менен жеңип жаттың, сырттан караган кишиге  оңой көрүнүшү ыктымал. Кармашууларыңа жана сени менен чыккан балбандарга кандай баа бересиң?

— Дүйнө чемпионатына жөн спортчулар келбейт. Ар бири өз өлкөсүнүн мыктысы. Буйругу экен, күмүш мага ыйгарылды.

— Финалда биз сыяктуу сен деле алтын күткөнсүң… Негизги атаандашыңа багынып берүүгө эмне себеп болду деп ойлойсуң?

— Биринчи орунга абдан аракет кылгам. Катуу даярдандык. Жаштык кылдым, тажрыйбанын аздыгынан жеңилүү ызасын тарттым деп ойлойм. Буюрса, кийинки мелдештерде каталарымды түзөп, каршылаштарды жеңгенге аракетимди жумшайм.

— Сыйлык тапшыруу аземинде маанайың жок экенин көрдүм. Бирок бир четинен күмүш деле аябай сүйүндүрсө керек?

— Жооп берүү кыйын. Сөз менен жеткире албайм, тек гана аны сезиш керек го…

© Фото / Facebook/ United World WrestlingШаршенбеков: биринчи орунга абдан аракеттендим, бирок жаштык кылдым. Тажрыйбанын аздыгынан жеңилип калдым деп ойлойм
Чемпионате мира по борьбе среди взрослых в Будапеште - Sputnik Кыргызстан
Шаршенбеков: биринчи орунга абдан аракеттендим, бирок жаштык кылдым. Тажрыйбанын аздыгынан жеңилип калдым деп ойлойм

— Жеңишиңди алгач кимдер менен белгиледиң?

— Курама командадагы байкелер менен белгиледик. Азыр балдар толук күрөшүп бүтө элек. Бишкекке барганда дагы жакшылап майрамдайбыз деп ойлойм.

— Ата-энең ийгилигиңе жетине албай сүйүнүп жатса керек. Алар менен сүйлөшүп жатасыңбы, эмне дешти?

— Абдан ыраазы болушту. Алардын кубанганын угуп бактылуу болуп жүрөм.

— Дүйнө чемпионатына канча убакыт даярдандың?

— Спортко кадам таштагандан бери максат коюп, ой-санаам ушул болуп келген.

© Фото / Facebook/ United World WrestlingЖоламан Шаршенбеков жакын адамдардынын арасында ырдап, бийлейт. Күрөштөн тышкары акробатика, теннис, футболго кызыгат.
Чемпионате мира по борьбе среди взрослых в Будапеште - Sputnik Кыргызстан
Жоламан Шаршенбеков жакын адамдардынын арасында ырдап, бийлейт. Күрөштөн тышкары акробатика, теннис, футболго кызыгат.

— Саяпкер мыкты болбосо күлүк чуркабайт дейт. Машыктыруучуң тууралуу кеп кылсаң?

— Өзүм борбордогу Раатбек Санатбаев атындагы спорт залда тарбияланам. Жеке машыктыруучум Хаким Махмудов мени он жылдан бери мелдештерге даярдап, насаатын айтып келет. Ошондой эле КРдин курама командасынын башкы машыктыруучусу Азат Эркинбеков менен жардамчысы Улукбек Карачолоковго ыраазычылыгымды билдирем.

— Эмне үчүн спортту, ошонун ичинен грек-рим күрөшүн тандап алгансың?

— Аганы көрүп ини өсөт демекчи, байкем Жанар Шаршенбеков  кичинекей кезимде спортко жетелеген. Азыркыга чейин чогуу машыгабыз.

— Эми алдыда кандай максаттар бар?

— Кыргызстанга тезирээк барып, ата-энемдин жылуу сөзүн угуп,  кубанычын көрүп, жанына барсам деп кыялданып турам. Андан кийинкисин көрө жатаарбыз.

— Үй-бүлө, бир туугандарың жөнүндө айтып берсең?

— Атам Назарбек Рысалиев жеке ишкер. Апам Гүлнара Жуманалиева борбордогу №5 компьютердик гимназияда математика мугалими болуп эмгектенет. Төрт бир тууганмын. Байкем жана эки карындашым бар.

© Sputnik / Табылды КадырбековБалбан: жеке машыктыруучум Хаким Махмудовго, КРдин курама командасынын башкы машыктыруучусу Азат Эркинбеков менен жардамчысы Улукбек Карачолоковго ыраазычылык айтам
Кыргызстанский борец греко-римского стиля Жоламан Шаршенбеков - Sputnik Кыргызстан
Балбан: жеке машыктыруучум Хаким Махмудовго, КРдин курама командасынын башкы машыктыруучусу Азат Эркинбеков менен жардамчысы Улукбек Карачолоковго ыраазычылык айтам

— Спорттон тыш эмнеге кызыгасың?

— Жакын адамдардын арасында ырдап, бийлейм. Күрөштөн тышкары акробатика, теннис, футболго кызыгам.

— Соңку суроо болсун. Балбандардын арасынан Акжол Махмудов менен абдан жакын экениңерди билебиз. Кантип таанышып, дос болуп калгансыңар?

— Үч жыл мурда Көлдөгү машыгууларда таанышып, андан кийин мелдештерге чогуу болдук. Мага анын ыймандуулугу, жөнөкөйлүгү жагат, кыскасы, алтын бала!

Жаңылыктар түрмөгү
0