Көк бөрү боюнча өлкө чемпионатына Ниязовдор катышпай калды. Себеби

© Sputnik / Табылды КадырбековКырыгзстандын көк бөрү боюнча курама командасынын оюнчусу Манас Ниязов. Архив
Кырыгзстандын көк бөрү боюнча курама командасынын оюнчусу Манас Ниязов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыкты улакчылардын катарын толуктаган Ниязовдор Кыргызстандын курама командасына кирбей калышы мүмкүн.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Көк бөрү боюнча өтүп жаткан Кыргызстандын чемпионатында бир тууган улакчылар Байыш, Манас, Кыяз Ниязовдор оюнга катышпай калды. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин командалардын курамы боюнча тараткан тизмесинен кийин билгилүү болду.

Мунун себеби тууралуу Манас Ниязов айтып берүүдөн баш тартты.

"Бул чемпионатка бир эле Ниязовдор эмес, "Достук" командасынын дээрлик бардык улакчылары катышкан жок. Буга эмне себеп болгонун айта албайм", — деди Ниязов.

Ал эми Көк бөрү федерациясынын Ош облусу боюнча жетекчиси Рысбек Өмүрзаков Ниязовдор улакка чуркаган аттары жок оюнга катышпай калганын билдирди.

Көк бөрү - Sputnik Кыргызстан
Кылымдын кыйырынан келген көк бөрү
"Аларды облустун намысы үчүн катышып бергиле деп чакырганбыз. Бирок "ылайыктуу атыбыз жок, ойной албай калабыз" дешти. "Достук" командасынын аттарын жетекчилиги берген эмес. Анткени ал командада бир эле Оштун эмес, башка облустун да улакчылары бар экен. Бирине аргымак берип, экинчисине бербей койсо нааразычылык жаралышы мүмкүн деген окшойт", — деди Өмүрзаков.

Буга байланыштуу Ниязовдор Кыргызстандын курама командасына кирбей калышы мүмкүн.

Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматовдун айтымында, эреже боюнча ушул чемпионатка чыккан оюнчулардан иргелип улуттук команда түзүлүшү керек. Бирок катышпай калган мыкты улакчыларды кошуу же кошпоо боюнча маселе дагы каралмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0