Көк бөрү чемпионаты: биринчи күндүн жыйынтыгы жана эртең чыкчу командалар

© пресс-служба ГАМФКиСЧемпионат по кок-бору в Оше
Чемпионат по кок-бору в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн жеңилген командалар эртең оюнга чыга элек тайпалар менен кармашат.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги көк бөрү боюнча өлкө чемпионатынын биринчи күнүнүн жыйынтыгын жарыялады.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун командасы Бишкекти 10:3, Ош облусу Жалал-Абаддан барган улакчыларды 4:1, Таластын оюнчулары Баткен облусунун командасын 16:1 эсеби менен жеңип алды.

Бүгүн жеңилген командалар эртең оюнга чыга элек тайпалар менен кармашат.

30-октябрда оюн таласына чыга турчу командалардын убактысы:

10.00–11.30 — Бишкек менен Ош шаарлары;

11.30–13.00 — Жалал-Абад менен Нарын облустары;

13.00–14.40 — Баткен менен Ысык-Көл облустары.

Көк бөрү - Sputnik Кыргызстан
Кылымдын кыйырынан келген көк бөрү
Оюндар Оштогу "Төлөйкөн" ат майданында өтүп жатат. Финалдык бөлүгү 3-ноябрь күнү болот. Мында өлкөнүн жети облусу жана эки шаарынан куралган тогуз команда күч сынашууда. Байге фондусу — эки миллион сом. Баш байге ээсине 500 миң сом ыйгарылат.

Кыргызстандын чемпионаты быйыл залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата өтүп жатат. Мындан сырткары, жамбы атуу, ат чабыш, кыз куумай, жорго салыш оюндары боюнча мелдеш уюштурулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0