Дзюдо боюнча мелдеш. Архивдик сүрөт

Бишкекте дзюдо боюнча өлкө чемпионаты өтөт

71
(жаңыланган 17:58 04.11.2018)
Эркектер жана кыз-келиндер арасында медалдын 14 комплектиси ойнотулат.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. 1-2 декабрь күндөрү дзюдо боюнча чоңдор арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул туурасында аталган федерация социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Мелдеш Арча-Бешиктеги ден соолукту чыңдоо борборунда өтмөкчү. Анда эркектер жана кыз-келиндер арасында медалдын 14 комплектиси ойнотулат.

Мелдештеги кыздардын салмагы — 48, 52, 57, 63, 70, 78 килограммга чейин жана 78 килограммдан өйдө болушу керек. Эркектердики 60, 66, 73, 81, 90, 100 килограммга чейин жана 100 килограммдан өйдө болушу шарт.

Чемпионатка жашы 16дан өйдө, спорт чебери же ага талапкер наамына ээ дзюдочулар катыша алат.

71
Белгилер:
салмак, дзюдо, медаль, чемпионат, Спорт, Бишкек
Тема боюнча
Көк бөрү чемпионаты: жарым финалда төрт облустун улакчылары беттешет
Кыргызстандык "Тайсондун" кийинки беттеши жана атаандашы тууралуу айтылды
Пикирлер