Пауэрлифтинг боюнча Орто Азия чемпиону жана спорт чебери, бодибилдингден КРнын чемпиону Руслан Жарматов

Бар эти булчуңга толгон Руслан: денеме эч кандай химиялык зат колдонгон эмесмин

(жаңыланган 10:37 07.11.2018)
Руслан Жарматовду бир көргөн киши спортчу экенин жазбай тааныса керек. Бука моюн, буура сан жигит пауэрлифтинг боюнча Орто Азия чемпиону жана спорт чебери. Бодибилдингден КРдин чемпиону. Ошондой эле борбордогу фитнес залдардын биринде машыктыруучулукту аркалайт.

24 жаштагы спортчу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек куруп, туура тамактануу, денеге көрктүү кылып булчуң чыгаруу жана арыктоо тууралуу ой бөлүштү.

— Спорт сизди эмнеси менен арбап алды?

— 12 жашымдан тарта бокс менен алектенип, сууда сүзүүгө барчумун. Анда-санда рингге чыкчубуз. Мындан тышкары, турникке тартылып чоюлганды жактырчумун. Спортко башка балдардай эле өзүмдү коргоп, ден соолукту чыңдоо максатында баргам. Мектепти аяктаганда Кытайга окууга кетип, спорт үзгүлтүккө учурап калды. Ал жактан мекендештер менен таанышып, алар аркылуу университеттин жанындагы фитнес залга баш бактым. Кызыктын баары ошол жерден башталды. Барган сайын кызыгуум артып, профессионалдуу түрдө машыгууга өттүм.

Мастер спорта, чемпион Азии по пауэрлифтингу, чемпион Кыргызстана по бодибилдингу Руслан Жарматов во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Руслан Жарматов пауэрлифтинг боюнча Орто Азия чемпиону жана спорт чебери, бодибилдингден КРдин чемпиону

— Машыгууга чейин канча килограмм элеңиз?

— 61 килограмм. Негизи азыркы салмагым 100 килограмм. Бирок бир ай мурда өткөн жарым марафонго катышуу үчүн он килограммдай арыктагам. Азыр ошол боюнчамын.

— Денедеги булчуңдарды чоңойтуу "химиялык" заттардын жардамысыз ишке ашпайт деген кеп бар…

— Биздикилер спорттук фармакология менен туура тамактанууну көп ажырата алышпайт. Маселен, протеин колдоном десең, химиялык зат катары көрүшөт. Анын которулушу белок да. Бул денени чоңойтуу үчүн сөзсүз керек. Бирок эмнегедир биздин залда тер төгө машыгуубуздан мурда ичкен витаминдерге кызыгышат. Мен жеке денемди булчуңдуу кылуу үчүн химиялык зат колдонгон эмесмин.

Мастер спорта, чемпион Азии по пауэрлифтингу, чемпион Кыргызстана по бодибилдингу Руслан Жарматов
© Фото / из личного архива Руслана Жарматова
Ал ошондой эле борбордогу фитнес залдардын биринде машыктыруучулукту аркалайт

— Спортто кандай кыйынчылыктарда дуушар болдуңуз?

— Фитнес десе эле ар кандай темирлерди оң-тетири көтөрүп алып, булчуңду туура эмес чыңдачу экенбиз. Анан туура тамактанууну билбей, беймаал эле лагман, палоо, манты дегендерди жей берчүбүз. Ушунун баары спорттогу чала сабаттуулуктан болду. Акыркы үч жылдан бери кесипкөй спортчу катары калыптандым деп ойлойм.

— Спорттогу жетишкендиктериңиз тууралуу кеп салсаңыз.

— Ири мелдештер тууралуу айтсам, быйыл пауэрлифтинг боюнча спорт чебери наамын алдым. Былтыр бодибилдинг боюнча КРдин чемпиону аталгам. Орто Азия чемпиону болдум. Мындан сырткары, жеңил атлетика боюнча марафондорго катышып турам.

— Бокс боюнча мелдешке чыгайын деген ой барбы?

— Негизи убактымдын көбү дал ушул бокска жумшалган. Акыркы эки жылдан бери мелдешке чыгууга каалоом күчөдү. Спорт чебери болоюн деген оюм бар. Ошондой эле таяк тартууга (армрестлинг — ред.) кызыгып жүрөм.

Мастер спорта, чемпион Азии по пауэрлифтингу, чемпион Кыргызстана по бодибилдингу Руслан Жарматов
© Фото / из личного архива Руслана Жарматова
Спортчу Руслан Жарматов: жеңил атлетика боюнча марафондорго катышып келем

— Өзүңүздүн машыктыруучуңуз барбы?

— Жок. Болсо жеңил болмок. Өзүм жалгыз машыга берип, көп убактым кеткен. Эми өзүм залда агаймын.

— Сизге кандай адамдар машыкканы келет?

— Ар кандай. Көбүнчө дос-туугандарымды залга урушуп жатып алып келдим. Биринин салмагы ашыкча, экинчиси өтө эле арык. Машыгуу жыйынтыгын берип, денелери сулуу көрүнө баштаганда өздөрү эле спортту сүйүп калышат.

Негизи адам намыстанганда жакшы иш кылат. Өзүмдүн иним отуруп-турган жөнөкөй көнүгүүнү аткара алчу эмес, анан "сенден спортчу деле чыкпайт го" деп койгом. Жарым жылдан кийин менден да ашып кетпедиби!

Сырткы келбет эркек балдар үчүн да абдан маанилүү. Бир таанышым чоң курсагынан уялып көлгө түшө алчу эмес. Жээке чейин кийимчен барып, акырын чечип коюп кирип кетчү. Залга барып денесин чымыр кылгандан кийин "Качан сууга түшөбүз?" деп калды (күлүп).

Маселен, бокс же күрөштө мелдешке чыкмайынча жыйынтыгын көрө албайсың, бизде күзгү эле жетиштүү.

Мастер спорта, чемпион Азии по пауэрлифтингу, чемпион Кыргызстана по бодибилдингу Руслан Жарматов во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бодибилдер, машыктыруучу: спорт менен жеке жашоону бирге алып кетүү кыйын. Ал эми сүйүктүүң да сен аркалаган иште болсо, алда канча жеңил

— Билгениңизди кыздарга да үйрөтөсүзбү?

— Алар менен көп деле иштешпейм. Бирок сүйлөшкөн кызымды спортко алып келген мен болгом. Учурда көрсөткүчтөрү мыкты.

— Сүйүктүүңүз, фитнес машыктыруучу Ясмин Лунианга менен түшкөн сүрөттөрдү социалдык тармактарга да жүктөп каласыз, кантип таанышкансыңар?

— 5-6 жыл мурда интернет аркылуу. Кытайда жүргөндө жазышып жүрчүбүз. Негизи спорт менен жеке жашоону бирге алып кетүү кыйын. Ал эми сүйүктүүң да сен аркалаган иште болсо, алда канча жеңил.

— Спортто кумириңиз барбы?

— Бар. Мурдатан бери Арнольд Щварценеггерге баа берем. Ар тараптуулугу үчүн сыйлайм. Мен да спортто гана эмес, ал сыяктуу бардык чөйрөдөн өзүмдү сынагым келет. Мындан тышкары, Мухаммед Али, Брюс Лиге таасирленем.

— Спорттон тышкары эмне менен алектенесиз?

— Кытайга барып тилин өздөштүрүп алганым — чет мамлекетке чыкканда пайдасын берет. Жылына бир жолу сыртка саякаттап келем. Кытай, Малайзия, Вьетнам, Шри-Ланка, Түркия, Таиланд, Камбоджа, Сингапур, Индонезияга баргам. Юридикалык академияны аяктадым. Бирок кесибим менен эмес, ишкерлик менен алектенүүдөмүн.

Мастер спорта, чемпион Азии по пауэрлифтингу, чемпион Кыргызстана по бодибилдингу Руслан Жарматов
© Фото / из личного архива Руслана Жарматова
Руслан Жарматов: Арнольд Щварценеггерге баа берем. Мындан тышкары, Мухаммед Али, Брюс Лиге таасирленем

— Кино, клиптерге тартылууга сунуштар түшкөнбү?

— Ооба, ар дайым эле сунуштар болуп турат. Мага ойногон ролу маанилүү. Көбүнчө сүйүү клиптерине, жан сакчыга же терс, зөөкүр каармандарга байланыштуу образдар болуп калат. Биздин мамлекет чакан болгондуктан бир ролго сиңип калуу бат эле. Ошондуктан көбүнчө баш тартам. Кээде жарнамага тартылып же бир нерсени жарнамалап берүүгө да сунуштар келет. Дени сак жашоону үгүттөөгө байланыштуу болсо,  дайым даярбыз.

— Денеге булчуң берүү үчүн көп тамак жеш керек деп айтылат. Сиз бир күндө канча ирет тамак жейсиз?

— Бир күндө 5-6 жолу тамактанам. Салмак кошуу үчүн калорияны көбөйтүү керек, арыктайм десеңиз, тескерисинче, аз жейсиз. Машыккандар майлуу, таттуу жана камыр тамактарын азайтышы керек.

Эртең менен бир порция протеин ичем. Алты жумуртка жейм, бирок сарысында май көп болгондуктан экөөсүн эле алам. 50 грамм сулу боткосун, эки кесим кара нан жейм. Бир стакан апельсин согун ичем. Эки сааттан кийин банан менен шам-шум этип алам. Түштө күрүч менен маринаддалган тооктун төшүн бышырып алып, кечке чейин аз-аздан жей берем. Түндө 200 грамм майлуулугу аз быштак жейм. Бул эртең мененкиге чейин организмге белок берип, дене булчуңдарды калыбына келтирет. Баса, тамакты өзүм жасайм.

Мастер спорта, чемпион Азии по пауэрлифтингу, чемпион Кыргызстана по бодибилдингу Руслан Жарматов
© Фото / из личного архива Руслана Жарматова
Спортчу: бодибилдинг дененин сулуулугун жана ашкере туура тамактанууну талап кылса, пауэрлифтинг кара күчкө басым жасайт

— Туура тамактанууну көбү кымбат деп ойлойт…

— Ооба, антип да сурап калышат. Ашканага барып күн сайын тамактанган каражатка азык-түлүк алып жасап көрсөңөр айырмасы билинет. Анүстүнө сыртка чыгып тамактануу убакытты алат, үйдөн сала келген болсоң каалаган кезде жей бересиң.

— Эмне үчүн көпчүлүгү туура тамактануу пайдалуу экендигин билсе да карманышпайт. Эрктүү болууга кандай кеңеш бересиз?

— Биринчи кезекте бодибилдингге барасызбы же пауэрлифтинггеби, ошону аныктап алыш керек. Бул спорт түрлөрү бири-биринен айырмаланбайт дегендер жаңылышат. Бодибилдинг дененин сулуулугун жана ашкере туура тамактанууну талап кылса, пауэрлифтинг кара күчкө басым жасайт. Албетте, ар бирибиз той-топур, майрамдарда көңүлдү кыя албай болгон тамакты жей беребиз. Бирок эгерде максатыңа жетем десең, чыдамкай болушуң керек.

— Сизге көчөдө тийишкендер чанда болсо керек, ошентсе да жаңжалга аралашып калган учурлар болду беле?

— Мага негизи балдар социалдык тармактан эле тийишип, баатыр боло беришет. Чыныгы жүзүн жашырып, фейк аккаунт ачкандар көбөйүп кетпедиби. Соңку ирет мектепте жүргөндө мушташкам. Азыр кол көтөрдүң дегиче милицияга арыз жазып, аркасынан сүйрөтүп, каражат өндүрүп алганга ашыккандар бар экен. Мындай окуя менде эмес, досторумда болду.

Мастер спорта, чемпион Азии по пауэрлифтингу, чемпион Кыргызстана по бодибилдингу Руслан Жарматов
© Фото / из личного архива Руслана Жарматова
Жарматов: юридикалык академияны аяктадым. Бирок кесибим менен эмес, ишкерлик менен алектенүүдөмүн

— Спорчуларды жан сакчы же күзөтчү кылып алууга суроо-талап бар экени жашыруун эмес…

— Сунуштар толтура. Дароо эле баш тартам. Мен андай максатта машыкпайм да.

— Үйдөгүлөр спортту колдошобу, деги эле жакындарыңыз тууралуу кеп салсаңыз.

— Эми түшүнүп калышты. Өзгөчө апам "мен жасаган тамактарды жебейсиң" деп таарынчу. Оор темирлерди көтөрүп, ар кайсы витаминди ичип жатасың дешчү. Азыр тескерисинче колдоп, өздөрү да залга келип калышты. Апам мектеп мугалими, атам медицина кызматкери. Эки карындашым жана иним бар.

Белгилер:
пауэрлифтинг, бодибилдинг, фитнес, машыктыруучу, маек, Руслан Жарматов, Кыргызстан
Тема боюнча
Кара-Балталык кара тору модель бийкеч: 100 кг салмакты көтөрө алам
Жаштык кылып койдум... Балбан Жоламан Шаршенбеков менен эксклюзивдүү маек
Токмок жеген мушкер үчүн кечирим сурадым. Рефери Мирбек Буларкиевдин маеги

Намыска жарап... Шевченконун UFC уюмундагы титулдук беттештери. Видео

Абсолюттук мушкерлер уюму (UFC) кыргызстандык Валентина Шевченконун чемпиондук кур үчүн кармашкан бардык беттештерин топтоду.

Видео UFC Russia YouTube-каналына жүктөлдү.

Валентина Шевченко беделдүү уюмдун бел курун 2018-жылы польшалык Жоанна Енджейчикти уткандан кийин тагынган. Муну менен кыргызстандык мушкер биринчи жолу мурдагы совет өлкөлөрүнүн ичинен кыз-келиндер арасында UFC уюмунун чемпиондук наамына ээ болгон.

2019-жылы 8-июнда АКШнын Чикаго шаарында өткөн UFC 238 мелдешинде америкалык Жессика Айды башка тээп утуп, наамын алгач ирет коргогон

Ошол эле жылы америкалык Лиз Кармушту калыстардын чечими менен жеңген. Ал эми былтыр америкалык Кэтлин Чукагянды техникалык нокаут менен утса, бразилиялык спортчу Женнифер Майяны упайдын эсебинде жеңди.

Ушул дем алышта Шевченко бешинчи ирет титулун коргомокчу. Аны менен минималдык салмак категориясынын мурдагы чемпиону Жессика Андраде беттешет.

Белгилер:
чемпион, мушкер, спорт, UFC, Валентина Шевченко, Кыргызстан
Тема боюнча
Дана Уайт: Шевченко удаасы менен эки супер беттеш өткөрүшү мүмкүн
Жессика Андраде атаандашы Валентина Шевченконун алсыз жактарын атады
UFC Шевченко менен Андраденин беттешине карата проморолик жарыялады
Альпинисттер. Архивдик сүрөт

1-май күнү Кыргызстанда эл аралык "Альпиниада 2021" мелдеши өтөт

Иш-чаранын негизги максаты — спорттун альпинизм, аскага чыгуу сыяктуу түрлөрүн пропагандалоо, спортчулардын квалификациясын жогорулатуу жана элди сергек жашоого үндөө.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. 1-майда Ала-Арча капчыгайында "Альпиниада – 2021" эл аралык мелдеши болот. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинен билдиришти.

Анын катышуучулары өз тандоосуна жараша Комсомол чокусуна, Рацек үйүнө жана Адигине көлүнө бара алат. Ага чет өлкөлөрдөн жана жергиликтүү спортчулардан 200дөй кишинин катышары күтүлүп жатат.

Иш-чаранын негизги максаты — спорттун альпинизм, аскага чыгуу сыяктуу түрлөрүн пропагандалоо, спортчулардын квалификациясын жогорулатуу жана элди сергек жашоого үндөө.

Комсомол чокусуна жашы 16дан өткөндөр гана бара алат. Жалпысынан жүрүшкө спортчулар топ-топко бөлүнүп катышат. Ар бир топто бештен онго чейин киши болушу керек.

Белгилер:
туризм, мелдеш, иш-чара, Ала-Арча капчыгайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Кадыралиев: бизге туристтер көбүнчө Казакстандан жана Россиядан келишет
Туристтер аэропортто. Архив

Көкөй кескен COVID: Кыргызстанга келем деген турист көп, бирок батынбай жатышат

(жаңыланган 16:05 22.04.2021)
Келе жаткан жайда туризм тармагын калыбына келтирүү үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатканын Туризм департаментинен айтып беришти.

Өткөн жылы коронавирус пандемиясынан улам чек аралар жабылып, башка тармактар сыяктуу эле туризм дагы ири чыгымга учураган.

Албетте, бардыгы калыбына келе жатат деп айтууга эрте. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда дагы COVID-19 кайрадан кулачын жая баштады.

Эки анжы болуп турган мындай учурда туризм кайсы багытта кетип, жаңы жагдайга ылайыкташуу үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатканын Sputnik редакциясына Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинен айтып беришти.

Электрондук сертификаттар

Азыр туристтер Кыргызстанга чет элдиктер үчүн ушул жылдын январь айында иштелип чыккан алгоритмдин негизинде кирип-чыгып жатышат. Тагыраагы, ар бир жүргүнчү ПЦР-тесттин таза деген жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Учакта атайын анкеталар таратылып, аларды жүргүнчүлөр толтуруп, санитардык-карантиндик түйүндүн кызматкерлерине көрсөтүшү шарт.

Бирок жакында туристтерге "Коопсуз саякат" (Safe travel) электрондук сертификаты бериле баштай турганын Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди.

Заведующая отделом правового обеспечения, лицензионного контроля и организационной работы Департамента информации и массовых коммуникаций при Министерстве культуры, информации и туризма Кыял Кенжематова
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова
"Дүйнө жүзүндө коронавируска каршы эмдөө башталып, учурда чет элдиктер Кыргызстанга вакцина алгандыгы тууралуу сертификат менен кирсек болобу деп кызыгып жатышат. Андыктан эрежелерди бир аз өзгөртүп, электрондук сертификат киргизгени жатабыз. Ал аркылуу адамдын эмделгени тууралуу маалымат алсак болот", — деди Кенжематова.

Визасыз режим

Тышкы иштер министрлиги туризм тармагын өнүктүрүү үчүн Кыргызстанга тогуз өлкөнүн жарандарын 60 күнгө чейин визасыз режим менен киргизүүнү демилгелеп, документ парламентте биринчи окууда каралды.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанга 53 өлкөнүн жарандары визасыз кире алса, эми бул тизмеге Албания, Болгария, Вьетнам, Израиль, Кипр, Македония, Румыния, Таиланд жана Мексиканы кошуу сунушталууда.

Автоунааларга уруксат берүү

Туризм департаментинен билдиришкендей, учурда Кыргызстанга автоунаа менен 33 өлкөнүн жарандары кире алат. Калгандары чек араны учак менен гана басып өтүшү керек. Ошол себептүү бул тизмени дагы кеңейтүү маселеси каралып жатат.

"Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан мамлекеттеринде алыскы чет өлкөлөрдөн, анын ичинен Европадан келген туристтер көп. Изилдеп көрсөк, алар Борбордук Азияга келген соң бир эле өлкө менен чектелбей бир нечесин кыдыргысы келет экен. Арасында Кыргызстанга келүүнү каалагандар көп. Бирок ушу турган жерден автоунаа менен кире албай жатышат", — деди департамент өкүлү Кенжематова.

Аба каттамдары

Туризмди илгерилеттүү үчүн Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна аптасына бир иреттен Россиянын Ростов-на-Дону, Санкт-Петербург, Москва, Екатеринбург, Уфа жана Новосибирск шаарларынан чартердик каттамдар жасалууда.

Туризм департаментинен башка өлкөлөр менен байланышты күчөтүү үчүн Jazeera Airways, Wizz Air жана TMG авиакомпаниялары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн айтышты.

Завотделом правового обеспечения Департамента Минкультуры КР Кыял Кенжематова
© Sputnik / Азамат Тотубаев
Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова
"Бардыгы Кыргызстанга каттоого даяр, болгону дүйнөдөгү эпидемиологиялык абал тоскоолдук жаратууда. Jazeera Airways компаниясы Эль-Кувейт — Бишкек — Эль-Кувейт каттамын,  Wizz Air авиакомпаниясы Бишкек —  Будапешт —  Бишкек, Бишкек — Абу-Даби — Будапешт — Бишкек каттамдарын аткарууга, TMG компаниясы Түштүк Кореядан туристтерди алып келүүгө макул болгон", — деди департамент жетекчисинин орун басары.

Чет элдиктер Кыргызстанга келүүнү каалайбы?

Кыргыз туроператорлор ассоциациясы Кыргызстанга алыскы чет өлкөлөрдөн туристтерди тартуу менен алектенет. Анын аткаруучу директору Нурбек Сапаровдун айтымында, чет элдиктер Кыргызстанга келүүдөн чочулап турушат.

Директор Кыргызской ассоциации туроператоров Нурбек Сапаров на брифинге в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан.
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Кыргыз туроператорлор ассоциациясы директору Нурбек Сапаров
"Былтыркыга салыштырмалуу бир аз бар. Ишкерлер бир айда бир группа болсо, ошого ыраазы болуп жатышат. Көпчүлүк чет элдиктер алдын ала жолдомо алганга батынбай турушат. Бүгүн алып алса, эртең чек араны жаап койсо кандай болот деген маселе баарын түйшөлтүүдө", — деди Сапаров.

Ал эми Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийине эс алуучулардын басымдуу бөлүгү коңшу өлкөлөрдөн жана Россиядан келишет. Мекеменин директору Лира Батырбекова кыш айларында туристтер көп болгону менен март, апрель айында эл азайып калганын айтат.

Күндүзгү стационардагы медицина кызматкери. Архив
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
"Орозо айына байланыштуубу же эпидемиологиялык абал таасир этип жатабы, айтор, азыр коноктор азайып калды. Биздин кардарларыбыздын негизги бөлүгү болуп эсептелген россиялыктар дагы кызыгып сурап, бирок ошол бойдон эле токтоп калып жатышат. Жакында Екатеринбургда өткөн туристтик жарманкеге биздин өкүл барып келди. Кызыккандар абдан көп. Анткен менен эпидемиологиялык абал көкөйдү кесип турат", — деди директор.

Буга чейин өкмөттөн мурдагыдай катаал чектөөлөр азырынча киргизилбесин, бирок коомдук жайларда, эл көп топтолгон жерлерде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук нормалары күчөтүлөрүн айтып келишкен.

Анткен менен 22-апрель күнү Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда коронавирустун төрт — "британиялык", "түштүк африкалык", "индиялык" жана "россиялык" штаммы аныкталганын билдирди.

Белгилер:
коронавирус, алгоритм, каттам, аракет, пандемия, туризм, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Кыргызстандын өкүлдөрү Екатеринбургдагы туристтик көргөзмөгө катышты
Айла кеткенде... Европадагы өлкө ар бир туристке 200 евро төлөп берүүгө даяр