ММА боюнча мушкер ирландиялык Конор Макгрегор жана россиялык спортчу Хабиб Нурмагомедов. Архивдик сүрөт

Макгрегор Нурмагомедов менен токтоосуз реванш өткөрүүнү талап кылды

908
(жаңыланган 15:32 05.11.2018)
Учурда ирландиялык мушкер ким менен болсо да мушташууга даяр.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. ММА боюнча мушкер ирландиялык Конор Макгрегор россиялык спортчу Хабиб Нурмагомедов менен тезинен реваншка чыгууну талап кылып жатат. Бул тууралуу MMA Fighting порталы UFC уюмунун башчысы Дана Уайтка таянуу менен билдирди.

Макгрегор менен Дана Уайт жарым сааттай сүйлөшүп, ким менен болсо да беттешүүгө даяр экенин, бирок башкысы Хабиб Нурмагомедов менен мушташкыдай болуп кайтып келерин айткан.

Эскерте кетсек, Хабиб Нурмагомедов Лас-Вегаста өткөн UFC 229 турниринин башкы беттешинде Конор Макгрегорду муунтуу ыкмасы менен утуп алган. Таймаштан соң россиялык мушкер октагондон секирип түшүп, атаандашынын спарринг-өнөктөшү Диллон Дэниске кол салган. Ал эми тор ичинде Макгрегорго Хабибдин досу Зубайра Тухугов менен агасы Абубакар кол көтөргөн.

908
Белгилер:
беттешүү, мелдеш, мушташ, Конор Макгрегор, Хабиб Нурмагомедов
Тема:
Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун беттеши (37)
Тема боюнча
Жээнбеков мушкер Хабиб Нурмагомедов менен жолукту. Сүрөт
Конор Хабиб менен болгон беттешине саресеп салып, ири катасын айтты
Пикирлер