Кыздар арасындагы бокс боюнча турнир. Архивдик сүрөт

Бишкекте бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт

47
(жаңыланган 20:57 07.11.2018)
Мелдеш 15-18-ноябрь күндөрү Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт сарайында өтөт.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Борбордо бокс боюнча өлкө чемпионаты өтө турганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Мелдеш 15-18-ноябрь күндөрү Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт сарайында болот.

Маалыматка ылайык, чемпионатка өлкөнүн бардык аймагындагы 19 жаштан 40 жашка чейинки спортчулар күч сынаша алат.

Эркектер сегиз салмак категорияда (46-52 кг, 57 кг, 63 кг, 69 кг, 75 кг, 81 кг, 91 кг, +91 кг), ал эми кыз-келиндер беш салмакта (45-49 кг, 57 кг, 64 кг, 69 кг, 75 кг) ат салышат.

Мелдешти өткөрүү үчүн Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекция тарабынан 50 миң сом каралган.

47
Белгилер:
салмак, бокс, чемпионат, Бишкек
Тема боюнча
Кыргызстандык "Тайсондун" кийинки беттеши жана атаандашы тууралуу айтылды
Пикирлер