Жаныңдагы маскарапоз ким? Макгрегор Мейвезердин атаандашын шылдыңдап жазды

© AP Photo / Eric JamisonИрландиялык UFC мушкери Конор Макгрегор. Архив
Ирландиялык UFC мушкери Конор Макгрегор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атактуу боксчу Мейвезер декабрда биринчи жолу ММА боюнча беттешке чыгат.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Ирландиялык UFC мушкери Конор Макгрегор мурдагы атаандашы Флойд Мейвезердин ММА эрежеси боюнча Токиодо өтө турган мелдешин шылдыңга алды. Бул туурасында ал Instagram баракчасына жазган.

Макгрегор постко Мейвезер менен япониялык атаандашынын чогуу түшкөн сүрөтүн жүктөгөн.

"Флойд, сен эмнени кийип алгансың? Бул спорттук костюмбу же саунага кие турчу кийимби? Токиодо ысык эмеспи?! Деги эмне болуп жатат, жаныңдагы кичинекей маскарапоз ким? Бул эмне деген башаламандык. "Час-пик-5" киносун көргөндөй болот экенсиң. Крис Такер менен Жеки Чан кайтып келди! Укмуш эми. Флойд, сен кутурган кичинекей шүмшүксүң, чын айтам", — деген Макгрегор.

Бой Хабиба Нурмагомедова и Конора Макгрегора в UFC - Sputnik Кыргызстан
Макгрегор Нурмагомедов менен токтоосуз реванш өткөрүүнү талап кылды
Америкалык атактуу боксчу Флойд Мейвезер алгачкы жолу ММА боюнча мелдеш өткөрө турганын жар салган. Ал Rizin 14 турниринин алкагында 20 жаштагы япониялык спортчу Теншин Насукава менен беттешет.

Мейвезер рингде 50 жолу мелдеш өткөрүп, бир да ирет утулуп көргөн эмес. Ал эми атаандашы Насукава спорт дүйнөсүндө күчтүү кикбоксчу катары таанымал.

Эске сала кетсек, былтыр Конор Флойд менен бокс эрежеси боюнча беттешип, техникалык нокаут менен утулуп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0