Америкалык боксчу Флойд Мейвезер жана япониялык кикбоксчу Тенсин Насукаво. Архивдик сүрөт

Октагонго чыкпайт! Мейвезер япониялык мушкер менен беттешүүдөн баш тартты

458
(жаңыланган 00:35 09.11.2018)
Мейвезердин айтымында, Насукаво менен беттешүүгө эч качан макулдук берген эмес.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Америкалык боксчу Флойд Мейвезер япониялык кикбоксчу Тенсин Насукаво менен ММА эрежеси боюнча беттешпей калды. Бул туурасында спортчу Instagram баракчасына билдирген деп РИА Новости жазды. 

Анын айтымында, Насукаво менен беттешүүгө эч качан макулдук берген эмес. 

"Мен жакынкы күндөрү Японияга иш сапары менен барып, ошол жактан атаандашым тууралуу биринчи жолу уктум", — деген Мейвезер.

Ал кошумчалагандай, Rizin Fighting Federation уюму атаандашы менен үч раунддук кармаш өткөрүүнү суранган. Аны түз алып берүү пландалган эмес. Турнир көңүл ачуучу иш-чара сыяктуу өтмөк.

Мейвезердин командасы беттеш тууралуу пресс-конференцияда белгилүү болгонуна таң калган. Анын айтымында, билдирүү эки жактын макулдугу жок жарыяланган. Боксчу мындай ыңгайсыздык үчүн күйөрмандарынан кечирим сурады.

Буга чейин бир катар ЖМКлар Мейвезер декабрь айында Японияда өтө турчу ММА мелдешинде 20 жаштагы Тенсин Насукаво менен беттешет деп жазып чыгышкан

Насукаво спорт дүйнөсүндө күчтүү кикбоксчу катары таанымал. Рингде 20 жолу, октагондо 4 ирет жеңишке жеткен.

Мейвезер болсо бокста 50 ирет утуп, бир да жолу жер караган эмес.

Күн мурун Мейвезерди мурдагы атаандашы Конор Макгрегор "жаныңдагы маскарапоз ким?" деп шылдыңдап жазган

458
Белгилер:
беттешүү, атаандаштык, кикбоксинг, бокс, ММА, Флойд Мейвезер, Япония
Тема боюнча
Жаныңдагы маскарапоз ким? Макгрегор Мейвезердин атаандашын шылдыңдап жазды
Нурмагомедовдун атасы Макгрегорду кечирип, Дагестанга чакырды
Пикирлер